Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » УКМКга “Душка” жылмайып кирип, чыкканда духу түшүп калыптыр
УКМКга “Душка” жылмайып кирип, чыкканда духу түшүп калыптыр
03-декабрь, 23:09


2-декабрда суракка чакырылган “Бир Бол” фракциясынан депутат Дүйшөн Төрөкулов УКМКга жылмайып кирип, чыкканда духу түшүп калганын кабарлашты. Тергөөчү бир топ ыңгайсыз суроолорду берип, какатып, жарга такаганы эмнеден кабар берет? Азырынча “Душка” каймана атындагы Төрөкулов күбө катарында чакырылып атса, кийинки сурактардан соң шектүүгө айланбайбы? Бул жагынан дагы кошумча материалдар каралып атканы каңкууланды.
Эске салсак, кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити менен Дүйшөн Төрөкулов достук мамиледе болгонун, чогуу жүрүшкөнүн жашырган эмес.
Aryba.kg