Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Сыдыков: “Насыялар кимге берилип жатканы белгисиз”

Эмил Сыдыков: “Насыялар кимге берилип жатканы белгисиз”

29-июнь, 00:50
1 984 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемияга байланыштуу өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү начарлап, казынага миллиарддаган акчалар түшпөй калды. Буга чейин экономика төрт- беш пайызга өсүп келген болсо, бул жылы артка кеткени айтылды. Адистердин пикиринде, кырдаалдан чыгуу үчүн чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү зарыл. Бул тармактагы оош-кыйыштар боюнча  жеке ишкер Эмил Сыдыковду кепке тарттык.   

-- Чакан жана орто бизнес кандай кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жатат?

-- Пандемияга байланыштуу бизнестин баардык тармагы кыйынчылыктарга туш болууда. Эң биринчиден, кредиттерди төлөөдө маселе бар. Банк тарабынан убакытты созгондон башка иштебеген айларга үстөк пайыздарды төлөөдө  жеңилдиктер болгон жок. Бирок, салык кызматы тарабынан текшерүүлөр кыскарды. Мисалы, курулуштун, алтын өндүрүү, көмүр өндүрүү, тоо-кен тармагынын негизги каражат булактары инвесторлордун эсебинен болот. Азыр кырдаалга жараша чет элдик инвесторлор келбей турат. Былтыр каражат салынып, үзүрүн көрө турган иштердин баары токтоду. Ал аз келгенсип, мамлекет да бизди көңүл сыртында калтырды. Акча бөлүнүп жатканы айтылууда, бирок, аны ким алды, кандай шартта алды, качан алды (?) белгисиз. Балким айыл чарбага бөлүнүп жаткандыр, курулушка берилген жок. Кытайдан, Түркиядан келе турган товарлар кармалып, базар экономикасы олку-солку абалга тушукту. Ошон үчүн өндүрүшкө колдоо көрсөтүп, жок дегенде ушул секторду сактап калууга мүмкүнчүлүк бар. 

-- Өкмөт кандай жардам бере алат?

-- Өкмөт тарабынан жергиликтүү бийликтерге протоколдук тапшырма берилип,   ар бир айыл өкмөтү, акимдер өздөрүнө тийешелүү аймактардагы өндүрүштөрдү аныктап, анализ жүргүзүп, алардын түзгөн жумуш орундарын такташы керек. Ушуга жараша “мамлекет чакан жана орто бизнеске каражат жагынан колдоо көрсөтөт” деп күтүп жатабыз. Угушума караганда, 6%дык насыя берүү каралууда.  Мында, баштапкы күрөөсүз, жеңилдетилген таризде, беш жүз миңден бир  миллион сомго чейинки сумма берилсе, чоң колдоо болмок. Мамлекет үчүн бул анчалык маселе жаратпайт. Бизге окшогон чакан ишкерлерге концепция же ири долбоорду жазуу кажет эмес. Акчалар ишеним каттын негизинде, тез арада таратылышы абзел. Болгону жергиликтүү бийликке туура тапшырма берилиши шарт. “Кока-Кола”, “Фрунзе” сыяктуу ири ишканалар жигердүү ишин алып барууда. Бирок, курулуш тармагы, кирпич, бетон чыгарган мекемелер, импортко иштеген жеңил өнөр жайы кыйынчылыктарга туш болушту, ушуга маани берилиши керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер