Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шекспирдин “Гамлети” эч убакта “Амулет” болбойт. А биздеги “Манастын уулу Семетей” драмасы “Төлгөгө” айланганда

Шекспирдин “Гамлети” эч убакта “Амулет” болбойт. А биздеги “Манастын уулу Семетей” драмасы “Төлгөгө” айланганда

20-июнь, 16:46
393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай шумдук Кыргызстанда эле болушу мүмкүн. Башка цивилизациялуу өлкөлөрдө мынчалык мыйзам бузууга жол берилбейт. Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры үч жылдан бери ремонт болуп, көрүүчүлөргө жаңы эшигин ачты. Ошондон бери үч ай өттү, “Төлгө” деген спектакль аншлаг менен коюлуп, театрга шыкалып эл батпайт, тааныштан тааныш салып, билет издеген кишилер. “Театрдын директору Асылбек Өзүбеков кайгы-муңдун рыцары болбой эле мушкетёр болуп кетиптир” деген да кептер бар. Айтор, элдин кызыгуусун туудурган пьесаны кайсы драматург жазды экен (?) деп сураштырып көрсөк, анык кызык ошондо башталбадыбы! Кырдрамдын эргулдары драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасын бүбү-бакшылардын, көзү ачыктардын, кожо-молдо, эшен-калпалардын, таксырлардын заманына тууралап, “Төлгө” деп өзгөртө коюшуптур. “Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушул эмеспи. Шекспирдин “Гамлети” 500 жылдан бери эле дүйнөнүн баардык театрларында, алтургай ушул эле кыргыз драмтеатрынын сахнасында “Гамлет” деп эле коюлбады беле? Аны эч ким “Амулет” деп оңдогон эмес. Анткени ага мыйзам жол бербейт. Ал эми биздин азыркы артисттер Мендебаировго окшоп каалагандай оңдой берсе боло береби? Аларга мындай укукту ким берди? Илгертен эле “мыйзам катаал, бирок, ал мыйзам” деп айтылып келет эмеспи. Белгилүү драматург Жалил Садыковдун КМШнын чоң сахналарында коюлган атактуу “Манастын уулу Семетей” драмасын бурмалоого ким уруксат берди? Эмне үчүн автордук укук бузулуп, тебеленип-тепселип жатат? Же артисттер мыйзам бузса боло береби? Бир артист мыйзам бузам деп эмне болду? Мендебаиров менен Өзүбековго ал деле сабак болгон эмес окшойт... Тийешелүү жогорку жетекчилер каякты карап отурушат? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер