Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялдардын жыныс кынын тарытуу үчүн жасалган операциянын кандай пайдалуу жактары бар?

Аялдардын жыныс кынын тарытуу үчүн жасалган операциянын кандай пайдалуу жактары бар?

29-август, 21:42
6 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«КОСМЕД» медициналык борборунун жетекчиси Нурмери Гаджал аялдарда төрөгөндөн кийин пайда болгон көйгөйлөрдүн бири, тагыраагы, чоюлуп калган жыныстык кынды калыбына келтирүү туурасында айтып берди. 


Интимдик пластика

-- Кыргызстанда интимдик пластикалык операциялардын өсүп жатканын ага болгон суроо-талаптан улам билсек болот. Интимдик пластика – бул жыныстык мүчөлөргө жасалуучу бир катар операция жана процедуралардан турат. Анын бир түрү лабиопластика – жыныстык эриндерди калыбына келтирүү же коррекциялоочу ыкма. Лабиопластика – бир гана эстетикалык мааниде эмес, медициналык көрсөтмө болгондо дагы жасалат. Маселен, аялдардагы жыныстык эриндердин чоңоюшу ыңгайсыздык жаратып, гигиенанын сакталышына терс таасирин тийгизген учурлар арбын. Бул микробдордун мүчөдө көпкө чейин сакталып, керек болсо жыныстык органга да кирип кетүүсүнө алып келиши ыктымал... Береги ыкманы ишке ашырууга келсек, баасы он беш миң сомдон өйдө туруп, уколдун жардамы менен аткарылат. 


Кольпорафия – жыныс кынды кичирейтүү же тарытуу 

-- Кольпорафия – айымдардын жыныс кынын тарытуучу операция. Буга баргандардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, ыкма аялдардын үй-бүлөсүн сактап калуусуна жардам берген. Операциянын бул түрү көпчүлүктүн кыялы десек болот. Негизинен ал төрөттөн жарым жыл өткөндөн кийин аткарылат. «Кайрадан төрөсө болобу?» деген суроо жаралат. Кесарево жолу менен төрөсө болот. Мындай процедурадан кийин аял жыныс кынынын кичирейгенин кадимкидей байкап, интимдик жашоодо өзүн эркин сезе алат. Ыкма бир гана жыныс кынын тарытуу үчүн эмес, жатын ылдый түшүп кеткенде, заараны кармай албай калган учурларда жасатышат. Бул багыттагы операциядан уялгандар бар, бирок, медицинада эч кандай уят нерсе болбошу керек. Мындай операциялардын баасы отуз беш миң сомдон өйдө турат. Интимдик пластиканын дагы бир түрүнө жыныс эриндерин филлер менен чоңойтуу кирет. Биогель жыныстык кынга сайылып, андан эриндер чоңойтулат. Филлер аялдын сексуалдуулугун арттырат. Коррекция 10000 сомдон жогору. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер