Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтматовду жамынып алып, кайра аны бурмалаган Абдыкерим Муратов

Айтматовду жамынып алып, кайра аны бурмалаган Абдыкерим Муратов

07-декабрь, 12:33
1 805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Андан нары “эки жыл аралыгында “Ботогөз булак”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Саманчынын жолу” деген чыгармаларды жазды: алар Москвадан “Повести гор и степей” деген ат менен өзүнчө чаканыраак эле китеп болуп чыкты, китебине 1963-жылы 21-апрелде Лениндик сыйлык ыйгарылды” деп жазышкан. Бул жерде да оркойгон ката бар, себеби “Саманчынын жолу “повести 1963-жылы “Ала-Тоо” журналынын №1 санына, орус тилинде “Новый мир” журналынын №5 санына жарыяланган, бул чыгарма “Повести гор и степей “жыйнагына кирген эмес, сыйлык алган эмес. Андан кийин “бул сыйлыкка жетүү үч уктаса түшкө кирбес нерсе эле, оңойлук менен орустардан башкаларга берилбеген жана берилгенде да жашы өтүп калган кишилерге гана мурдагы көп жылдык кызматын эске алуу менен берилген саясый мааниге ээ сыйлык болчу. А бул жолу болсо СССРдин №1 сыйлыгы али тааныла элек, отуздан эми оогон “сары ооз балапан”, “контрдун баласына” бир “кара кыргызга “ыйгарылып жатса, бакыт эмей эмне, оомат эмей эмне!” (9-б.) деп жазылган, бул сүйлөмдөр белгисиз бир жаш автордун чакан китебине чоң сыйлык кокустан берилгендей маани берип турат. Окурман да “бу оомат келсе, түшкө кирбеген нерселер боло берет турбайбы” деп Лениндик сыйлыктын берилишин тагдырдын бир “керемети” сыяктуу кабыл алат. Авторлор сыйлыктын берилишин “жогорку күчтөргө”, “сыйкырга” байлабай эле фактыларга, цифраларга таянса, реалдуулук менен эсептешсе, ишенимдүү да, далилдүү да болмок. Себеби, 1963-жылы сыйлык алган мезгилде Ч.Айтматов А.Муратов жазгандай “сары ооз балапан” болгон эмес, окурмандарга жеткиликтүү болсун үчүн бул туруктуу сөз айкашынын маанисин чечмелей кетели. “Сары ооз балапан – өтө эле жаш, акыл-эси толо элек, өзүнчө оокат кылууга жарай элек” (“Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү”, Ф., 1980, 249-б). Ал кезде жазуучунун аты Алайга, даңкы далайга жетип, француз, англис, немец, испан, италия тилдери баш болгон дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, бүт Европаны, адабият менен искусствого талабы бийик Парижди “багындырып”,  атагы таш жарып турган.1959-жылы “Жамийла”повести францияда Луи Арагондун баш сөзү менен жарык көргөндөн кийин чоң резонанска ээ болуп, “Юманите”, “Леттр Франсэз”, “Нове ксёнжки”, “Фий де Франс” сыяктуу аттуу-баштуу гезит-журналдарга А.Вюрмсер, Ж.Дарль, Ж.Спангаро, Пьер де Лескюр, А.Стиль сыяктуу белгилүү жазуучу, сынчылар жазуучунун талантына жогору баа берип, “Жамийланы” адабияттагы жаңы сөз, жаңылык катары баалаган 15тен ашык макала 7 айдын ичинде жарык көрөт. “Эдитер Франсэ Реюни “басмасы повести кошумча нуска менен басып чыгарат, ал эми 200 миң нуска менен чыккан “Юманите” гезити окурмандардын суроолору боюнча “Жамийланы” сандан-санга толугу менен кайра басат. Ошентип Европада Ч.Айтматовдун чыгармаларынын буму башталган. “Литературная газета” “Джамиля” за рубежом” деген ат менен повестти жогору баалаган чет өлкөдөгү пикирлерди которуп жарыялайт. Орус тилинде “Новый мир”, “Дружба народов”, “Октябрь”, “Вопросы литературы” журналдарына “Правда”, “Известия”, “Литературная газета” өңдүү гезиттерге М.Ауэзов, З.Кедрина, И.Нонешвили, Аауду Хинт, Г.Гачев, Б.Панкин, Л.Аннинский баш болгон жазуучу, сынчылардын 70тен ашык макалалары жарык көргөн. Кыргыз тилинде К.Асаналиев, К.Бобулов, С.Жигитов баш болгон адабиятчы, сынчылардын жана которулганы болуп отуздан ашык макала чыккан. Ошон үчүн Азиз Салиев “Жаркын талант” деген макаласында (“Советская Киргизия”, 1963, 23-апрель ) “Жамийла” повести 35 тилде, бир жарым миллион нуска менен басылганын, “Делбирим”, “Ботогөз булак”,  “Биринчи мугалим” да чет тилдерге которулуп, ар бири 700-800 миң нуска менен чыкканын, бул чыгармалар боюнча 200дөн ашык макалалар жарык көргөнүн маалымдаган. Демек, Ч.Айтматов Лениндик сыйлыкты алган учурда атагы алыска кеткен жазуучу болгон, анын ийгилиги жалпы совет адабиятынын ийгилиги катары бааланган. Ошентип империянын чоң сыйлыгынын берилиши кокустук эмес, мыйзамченемдүү көрүнүш болгон. Лениндик сыйлык “оңойлук менен орустардан башкага берилбеген” деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Себеби, кайра калыбына келтирилген Лениндик сыйлык 1957-жылдан баштап ыйгарылган, ошол жылдан 1963-жылга чейин Муса Жалил (татар), Л.Леонов (орус), М.Ауэзов (казак), Н.Погодин (орус), М.Рыльский (украин), М.Турсун-заде (тажик), М.Шолохов (орус), М.Стельмах (украин), А.Твардовский (орус), П.Бровка (беларусь), Э.Межелайтис (литва) сыяктуу көрүнүктүү акын-жазуучулар бул сыйлыкты алган. Ал эми 1963-жылы Ч.Айтматов, Р.Гамзатов жана С.Маршакка ыйгарылган (караңыз: КЛЭ в9т.  т.5, М, 1968, стр.963). Демек, чоң сыйлык А.Муратов айткан шовинисттик критерийлер менен эмес, талантты баалап, калыс берилгенин көрүүгө болот. Ч.Айтматов дүйнөлүк аренага чыккан мезгил ХХ съездден кийинки “жаз баарына туш келген”. Ошол учурда адабиятта, театрда, кино тармагында, сүрөт өнөрүндө эркин ойлонгон, искусствого жаңылык алып келген “шестидесятники” деп аталган муун да пайда болгон. Ч.Айтматовдун чыгышына мына ушундай коомдук-саясый, тарыхый-маданий шарт-жагдайлар түзүлгөн.

“Жаш талапкер Чыңгыз Айтматовду дүйнөгө тааныткан Луи Арагон тууралуу 11факт” деген бөлүмдө “Жамийла” повестинин француз тилине которулушу боюнча мындай дейт: “10. Повестти балким экөө биргелешип которгон да, бир гана кишинин котормосу делип калган. Арагон Эльзага окшоп профессионал болгон эмес”. А.Муратовдун бул божомолу да чындыкка дал келбейт. Эльза Триоленин котормого кандайдыр бир тийешеси болсо, Л.Арагон тарабынан да, Ч.Айтматов тарабынан да айтылмак. 1964-жылы француз жазуучуларынын ассоциациясынын жана “Эдит Эр Франсэ Рэюни” басмасынын чакыруусу менен Ч.Айтматов Парижге барганда Л.Арагон, А.Вюрмсер, А.Стиль өңдүү жазуучулар менен катар Эльза Триоле менен да жолугушкан, демек, алар көзмө-көз сүйлөшкөн. Эгер Э.Триоленин котормого кандайдыр бир салымы болсо, ал тууралуу сөз болот эле да. Айтылуу макаласында Л.Арагон “...чоломдун жоктугуна карабастан, жайнап турган иштеримдин баарын мындай коё туруп, эптеп убакыт таптым да, бул баянды которуп чыктым, мына эми ал менин колумда, басууга даяр турат: бул – махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” (“Ала-Тоо” 1959, №5) деп Л.Арагон өзү которгонун тастыктап жатат. Ал эми Ч.Айтматов 2006-жылы 9-июнда “Новая известия” гезитине берген интервьюсунда “Парижде Луи Арагон –улуу француз акыны менен жолугуу мен үчүн чоң окуя болуп калды. Ал мага көңүл бөлүп, “Жамийла” повестимди өзү которду...” деп Л.Арагондун сөзүн бекемдеп жатат. Эми бул жерден А.Муратов “Л.Арагон менен Ч.Айтматов экөө сүйлөшүп алган болуш керек” деп эле шектенбесе, Л.Арагондун котормосунан күмөн саноого болбойт.

“11. Л.Арагондун макаласы кыргызча чыкпай келди. Кыргыз коомчулугу француз жазуучусунун атактуу макаласын которууга батынбаптыр. Бери болгондо алтымыш жылга жакын убакыт муну эч ким колго албаптыр. 2014-жылы гана адабиятчы Абибилла Пазылов бул макаланы которуп, “Жаңы Ордо” гезитине жарыялады” (174-бет) деп жазышкан авторлор. Абдыкерим Муратов көптөн бери Ч.Айтматовду окутуу боюнча усулдук китептерди жазып, чыгарып жүрөт, бирок, Л.Арагондун макаласы илгери эле “Ала-Тоо” журналына которулуп жарыяланганынан кабары жоктугу таңкалычтуу. Же өзүм билемдик кылып эле, “өзүм каалагандай бурмалай берсем боло берет” дегениби? “Айды этегиң менен калкалай албайсың” дегендей, фактыларды, чындыкты каякка жашырабыз? Айтылуу макала 1959-жылы Парижде жарык көргөндөн кийин Киев университетинин доценти В.И.Пащенко аны француз тилинен орусчага которуп, “Ала-Тоо” журналынын редакциясына жөнөткөн экен, редакция макаланы кыргызчалап, журналдын №5 санына жарыялган. В.И.Пащенконун орус тилиндеги котормосу 1959-жылы “Советская Киргизия” гезитинин 17-майдагы санына чыккан. Француз жазуучусунун кыргызчага которулган макаласы 1966-жылы “Менин республикам” деген жыйнакка да киргизилген. Л.Арагондун макаласы 1959-жылы “Культура и жизнь” журналынын №7 санына чыкканы баардык эмгектерде  көрсөтүлүп жүрөт. Бирок, бул макала андан да мурда кыргыз тилинде да, орус тилинде да биринчи Кыргызстанда жарык көргөн. “Көрбөс төөнү да көрбөйт” демекчи, ушундай фактылар турса, атактуу макаланы “алтымыш жылга жакын убакыт муну эч ким колго албаптыр” деп А.Муратовдун “ачылыш” жасаганы “минип жүрүп атын издейт” дегендей эле гап. 

“А.Твардовский аталышын оңдоп койгон. Жазуучу “Обон” повестинин орус тилиндеги вариантын Москвадагы “Новый мир” журналына алып барганда анын редактору “Джамийла” атын оңдоп, анан журналдын 1958-жылдагы №8 санына (3-32-беттер) чыгарган” деп жазышат авторлор. “Жамийла” повести ошол “Новый мир” журналына “которгон А.Дмитриева” деп эле чыккан, чыгарманын “Повести гор и степей” жыйнагына, андан кийинки элүүдөн ашык орусча басылыштарынын баардыгында котормочунунун аты көрсөтүлгөн. Бирок А.Муратов аны менен эсептешкиси келбей, “орусча варианты” дегенди “ойлоп” тааптыр. Макул, ошону кабыл алалы, анда “которгон А.Дмитриева” деген фактыны кантип жокко чыгарат? А.Дмитриева которбогонун кантип далилдейт? Оңдоого болбой турган, адабият тарыхына, көркөм котормонун тарыхына кирген фактыны эмне максат менен бурмалап жатат, же жаман оюнда бурмаласам эле илимий “ачылыш” болуп калат деп ойлоп жатабы? 

“Чыңгыз Айтматов: цифралар жана фактылар” изилдөө китеби эмес, жалаң цифралар жана фактылардан турат. Фактылардын көбү бурмаланган, алынган булактары так көрсөтүлгөн эмес, башка булактар менен салыштырылып каралган эмес. Авторлор бул китепти даярдоодо илимий принциптерди карманбай, фактыларды каалагандай бурмалап, өзүм билемдикке жол беришкен. Ч.Айтматовдун жеке библиографиясы түзүлгөн, андан башка да библиографиялык, биобиблиографиялык материалдар жетиштүү, бирок авторлор андай булактарга ат үстүнөн мамиле жасап, чөп башылап караганын китептеги оркойгон каталар далилдеп турат. Улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу фактыларга мындай жоопкерчиликсиз мамиле жасап, манчыркаган педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратовдун деги көздөгөнү эмне? Ал бир туруп Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын аздектеген ышкыбоз, бир карасаң жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгынын урунттуу фактыларын жокко чыгарууга аракет кылган оппонент, бирде К.Асаналиев, А.Акматалиев сыяктуу өзүн айтматов таануучу катары көрсөткөнгө аракет кылган изилдөөчү өңдөнүп көрүнөт. Биз деги кайсы А.Муратовго ишенебиз? Минтип улам өзгөрүп турган А.Муратовдун позициясын кантип, кандай деп түшүнсөк болот?

Биз жогоруда улуу жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгын бурмалоо фактыларын бир эле китептин мисалында карап көрдүк. Эми мындай көрүнүштөр көп, мисалы, өзбек тилинде чыккан Сүйүн Караевдин “Чингиз Айтматов – бүйүк ёзувчу, камтарин инсон, содик дуст” (Тошкент, 2015) деген китебинде “1948-1952-йиллар Козогистан Республикоси Жамбул Зооветеринария техникуми укувчиси; 1952-1956-йиллар Киргизистон кишлок хужолиги институти студенти” деп жазган. Өзбек изилдөөчүсү жаңылып жатканы айдан ачык деңизчи, бирок ал мындай жаңылыш маалыматтарды кыргыз айтматов таануучудардын китептеринен, монографияларынан алган болуу керек. Ушундан улам, тектеш элдер да, чет өлкөлүктөр да Ч.Айтматов темасына куштар болуп, кызыгуу дагы деле күчүндө экенин эске алып, биздин илимпоздор бул темага чоң жоопкерчилик менен мамиле жасашса жакшы болмок. Жазуучунун чыгармачылыгы боюнча отузга жакын диссертация корголду, белгилүү окумуштуулар А.Акматалиев, Л.Үкүбаевалардан башкаларынын эмгектеринин сапаты өтө төмөн. Кийинки муундагы илимпоздордон улуу жазуучу жөнүндө “жаңы сөз айтты, жакшы эмгек жазды” деген баага арзыган бир илим кандидаты, же доктору жок, “чөптү кордосо, көзгө зыян” дегендей эле жагдай. Демек, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, чыгармалары жөнүндө жазылган илимий иштердин сапаты күн тартибине коюлуп жатат.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият интитуту, Манас жана Ч.Айтматов академиясы улуу жазуучунун китептерин чыгарып, изилдөө иштерин жүргүзүп жатышканы жакшы. Бирок азыркы учурда жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү китептердеги, монографиялардагы каталар, бурмалоолор, андан да тагыраак айтсак, фальсификация маселеси актуалдуу болуп жаткандан кийин, дал ушул сыяктуу терс көрүнүштөр алардын негизги илимий-изилдөө багыттарынын бирине айланса туура болчудай.


Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер