Акыркы кабарлар
» Саясат » Элчи катары иштей албаган Гүлнара-Клара Самат ТИМди жетектейби?
Элчи катары иштей албаган Гүлнара-Клара Самат ТИМди жетектейби?
01-апрель, 22:34

“Крокус Ситидеги” кыргын, каргашалуу окуя дүйнөнүн назарын бурду. Бейкүнөө жаш балдар, энелер, деги эле жөнжай гана адамдар исламчыл радикал күчтөрдөн ажал табышты. Окуянын чоо-жайын кайталоонун кереги жок. Баарыбызга маалым. Андыктан, бир олуттуу гана маселеге токтололу. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат (мурдагы Клара Кабилова) өз милдетин татыктуу түрдө аркалай албады. Кайдыгерлиги, шалаакылыгы жанга баттыбы? “Крокус Ситидеги” мигранттарыбыз боюнча так маалыматтар чыкпай, бир жумадай аралыкка чейин чайналып жаттык. Кимиси тирүү, өлгөнү барбы? Жаракат алгандарчы? Ооруканада канча мекендешибиз жатат? Айтор, ушул сыяктуу суроолорго көпкө дейре так жооп ала албадык. Акырында эки кызыбыз каза тапканы айтылды... Гүлнара-Клара Саматтын кандай иш-аракетке барганы, эмне эмгек жасаганын аңдай албадык. Жасаган жумушу көрүнгөн жок. А башка коңшу өлкөлөрдүн элчилери оперативдүү иштешип, мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн ак эткенден так эте туруп беришти. Биздики болсо артка тартат, баягы эле таз кейпибиз.
Анан калса, Гүлнара-Клара Самат ТИМди да тоготпойт экен. Төбөлдөргө таянып, жакында министр болорун жөн жерден айтпагандыр… “Оро албаган орок тандайт” дегендей, элчи катары иштей албай, ТИМди кантип жетектейт? Же “мекенчилдерге” жараша береби? Ушаткың гана келет да-а...
"Азия Ньюс" гезити











