Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Медетов: “Сыйлык комиссиясы так, калыс, чынчыл болсо...”

Аскар Медетов: “Сыйлык комиссиясы так, калыс, чынчыл болсо...”

28-февраль, 09:00
849 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Асаке, бу, “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын бериле турган акчасы бир миллион болду” дегенден бери анын тегерегиндеги талаштуу кептер, уу--дуу сөздөр көбөйдү.

-- Ооба, эми мамлекеттик сыйлык өзүнүн атына жараша салмагы да болуш керек да. Мына, Кытайда кытай тилинен көркөм чыгармаларды, илимий эмгектерди башка тилдерге которгон мыкты котормочуларга 17 миң АКШ доллары көлөмүндө сыйлык берилет экен. Анан элибиздин маданиятын, адабиятын жаратып жаткан искусство ишмерлерине, акын-жазуучуларга бериле турган сыйлык да ушундай салмактуу болушу керек. 

-- Менимче, ортозаар авторлорго ыйгара берип, бул сыйлыктын салмагы деле калбай калды го...

-- Аның да туура дечи. Эми бул башынан келаткан илдет. Адегенде эле ушул сыйлык Алыкулга берилиш керек болчу. Кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге көтөргөн, ага жаңылык киргизген, өзүнүн мектеби бар акын кезинде жалгыз Алыкул болгон. Бирок, “калемим – мылтык, ырым – ок” деп партиянын солдаты болуп жүргөн идеолог Аалыке “Таң алдында” деген саясатташкан чыгармасы менен илип кеткен да. Андан кийин 1970-жылы У.Абдыкаимовдун “Майдан”, С.Эралиевдин “Жылдыздарга саякат”, Б.Сарногоевдин “Тоолор жана тоолуктар”, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, сыяктуу чыгармалары менен кошо А.Токтомушевдин “Алтын тоо” деген жармач романы көрсөтүлгөн. Ар бири адабияттагы жаңы көрүнүш болгон ошол шедеврлердин бирине да берилбей Абдрасул Токтомушевдин тапчыл мүнөздөгү, “Алтын тоо” халтура романына ыйгарылган. Андан кийин К.Маликов, Ш.Бейшеналиев, Н.Байтемиров, Т.Үмөталиев, М.Абылкасымовалар бул сыйлыкты кезек менен бөлүшүп алышкан. Ошол 70-80-жылдарда Кыргызстан Жазуучулар союзу теңдемечилик саясат жүргүзүп, ушундай ортозаар акын-жазуучулардын күнү тууган. Азыр ошол сыйлык алган китептердин сайда саны, кумда изи жок. 

-- Айтканыңдын жөнү бар экен, бирок бул акын-жазуучулар мектеп программасында, ЖОЖдордо дагы деле окутулуп жатат да.

-- Ооба, бизде репрессиянын курмандыгы болгон акын-жазуучулар менен адабият тарыхы толукталды. Бирок, ошол тоталитардык мезгилдеги көйгөйлөр, алардын чыгыш себептери, дегеле ХХ кылым адабияты нукура эстетикалык призмадан илимдин предмети боло элек. Адабият тарыхында кайра баалоо, нукура эстетикалык чен-өлчөмдөрдүн негизинде жазуу процесси кечеңдеп жатат. Башкача айтканда, адабият тарыхында ошол жогорудагы теңдемечилик саясат дагы деле уланууда. Ошон үчүн окуу китептери жаңы жазылышы кажет. Себеби, бул теңдемечилик деген менин жеке субъективдүү пикирим эмес. Жазуучулар союзунун 7-сьездинде 1970-жылдан 1986-жылга чейинки адабияттагы терс көрүнүштөргө ушундай расмий баа берилген. Ушунун баарын териштирип, изилдеп баа берүү адабият илиминин жасай турган иши. 30 жылдан бери акын-жазуучулардын өмүр баяны, чыгармачылыгы сыпатталып жазылды. Эми теориялык изилдөөлөрдүн мезгили келди, бышып жетилди го... 

-- Анда эмне, чын эле изилдей турган деле эч нерсе калбадыбы? Акын-жазуучулардын баардыгынын өмүр баяндарын жазып койсоңор эми эмнесин жазасыңар?

-- Нукура көркөм дөөлөттөрдү жараткан О.Султанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, С.Тургунбаев, С.Акматбекова, Т.Муканов, А.Узакова, Ш.Келдибекова, Ж.Зарлыкбеков сыяктуу акындар, А.Саспаев, К.Каимов, М.Гапаров, А.Жакыпбеков, А.Стамов, К.Акматов, К.Жусубалиев, О.Айтымбетов, Б.Усубалиев, А.Матисаков, М.Сабыров сыяктуу жазуучуларыбыз адабияттагы жогорудагыдай теңдемечилик саясаттын айынан өздөрүнүн тийешелүү бааларын учурунда ала албай, көбү сыйлык, наамга жетпей, бу жалган дуйнөдөн кете беришти. Аны айтасың, алардын чыгармачылыгына адабият таанууда тийешелүү деңгээлде али баа берилбей, ойдогудай изилдене да элек. Алардын айрымдарынын чыгармачылыгы тууралуу сыпаттама деңгээлде иштер жазылды, бирок, бул акын-жазуучулардын ар бири өзүнчө дүйнө, алардын тереңде уюп жаткан идеяларын, түзгөн түбөлүктүү образдарын, табылгаларын, жаңылыктарын кашкайта ачып берген омоктуу эмгектер жазыла элек. 

-- Асаке, сен адабият тарыхы боюнча олуттуу маселени козгоп жатасың...

-- Айта турган учуру келди окшойт. Анткени адабият илими эмпирикалык деңгээлден өйдө көтөрүлүш керек. Ырас, 90-жылдары өлкөдө кыйынчылыктар болду. Анын таасири илимге да тийди. Эми катуу талап коюп, деңгээлин көтөрбөсө болбойт. Совет мезгилиндеги адабият тарыхынын изилденбеген актай барактарынын дыңы бузулбай ошол бойдон жатат. Адабият дагы деле партиялык, идеологиялык призмадан каралып келатат. “Сенек мезгил” деп аталган 70-80-жылдары бийликтин кысымы адабиятка, илимге карата күчөгөн мезгил болгон. Илимде С.М.Абрамзон, К.Нурбековдор режимдин курмандыгы болушса, Т.Касымбеков, К.Акматов, К.Сактанов сыяктуу акын-жазуучулар куугунтукталган, алтургай театрларда коюлуп жаткан спектаклдерге тыюу салынган. Ошондой терс көрүнүштөр тууралуу Токтоболот Абдумомунов 89-жылы ооруканада ажал менен арбашып жатып, Казат Акматовго жазган керээз катында: “Эгерде сенин адам экениң ырас болсо, жазуучу экениң ырас болсо, жакшы чыгарманы жакшы деп айтууга милдеттүүсүң. Өзүңдүн керт башыңдын мамилеси үчүн жакшы чыгарманы жаманаттыга калтыруу же болбосо узакка дейре кендирин кесип салуу – адабият алдында, эл алдында чыккынчылык кылгандык менен барабар экенин унутпоо керек. Эмне, мындай кейиштүү фактылар биздин өмүрүбүздө болбой койду беле?! Жакында эле болбоду беле?!” (“КМ” 11.01.1990) деп күйүп айткан экен. Анан ушундай адабиятыбызга чыккынчылык кылып, жаманды “жакшы” деп, акты “кара” деген учурлар, өйдө-төмөн болгон кейиштүү көрүнүштөрдүн баары изилденип, кийинки муундарга жалган, жасалма адабият тарыхы эмес, илимий-теориялык планда, методологиялык, эстетикалык принциптердин негизинде жазылган тарых жазылышы кажет. Бул – мезгил талабы.

-- Ой, эми тарыхка тереңдеп кирбейли жана сөз учугун баштаган маселеге келели. Токтогул сыйлыгы кандай критерийлер менен берилиши керек?

-- “Азаттыкта” да ушул маселе жакында талкууланды. Комиссия өзгөрүптүр, жобого да чоң өзгөртүүлөр кирген экен. Эми татыктууларды тандоо гана калыптыр. Мамлекеттик сыйлык болгондон кийин адабият жана искусстводо акыркы жылдары жетишкендик, жаңы бийиктик катары бааланган чыгармаларга берилиши абзел. Мында эң негизги критерий эстетикалык критерий болуш керек. Анан албетте, “Париждеги метр – эталон” деп Хемингуэй үлгү катары айткандай, комиссияда тактык, калыстык, чынчылдык болсо эле баары жайында болот. Талапкерлерди элди добуш бергизүү жолу менен баалап, тандаш керектиги айтылууда. Бул туура эмес, саясатчыларга, шоу жылдыздарына ошондой баа берсе болот. Ал эми искусство, адабият чыгармаларына компетенттүү адистер баа бериши керек. Маселен, көп окулганы, сатылганы менен чыгарма өлчөнбөйт. Бизде эң көп окулган Зуура Сооронбаева менен Чолпонбек Абыкеев, башкача айтканда, бульвардык адабияттын өкүлдөрү. Эми ошол бульвардык адабиятты үлгү тутуп, сыйлык, наам берип, төрүбүзгө чыгарып алсак, анда нагыз көркөм чыгармалар каякта калат? Бул эми чобурду тулпар кылгандай эле кеп да. 

 Ансыз да акын-жазуучулардын профессионалдык деңгээли төмөндөп кетти. Сыйлык берүүчү комиссия калыс карап, адабият жана искусствого жаңылык алып келген чыгармаларга артыкчылык берип, нукура эстетикалык критерийлерди туу тутуп, таланттуу авторлорго мотивация болчудай чечимдерди кабыл алышат го деп ойлойм.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер