Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эми “Президенттин сүйүүсү” коомчулукта резонанс жаратабы?

Эми “Президенттин сүйүүсү” коомчулукта резонанс жаратабы?

24-январь, 22:50
1 153 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.

-- Өмүрзак мырза, “Манас” тасмасы боюнча эмне жаңылык билдире аласыз?

-- Голливуд, Түркия, Франция кино компаниялары менен “Манас” көркөм фильминин сценарийин даярдап, эл аралык ири каржы корпорацияга сунуштаганбыз. Алгачкы даярдык иштери башталды. Буюрса, апрель айында негизги каржы маселеси чечилүүсү күтүлүүдө.

-- Кайсы өлкөнүн каржы компаниясы демөөрчүлүк кылат?

-- Америка, Европа, Түркия компаниялары биргелешкен долбоор болмокчу. Эл аралык каржы тармагында иштеген кыргыз ишкерлери чоң салым кошууда.

-- Улуу, ыйык элдик чыгарма бузулбасын деген чочулоо тасма тартылып баштаса күчөсө керек?

-- Биз эл аралык ири кино компаниялардын версиясын даярдап атабыз. Элдик улуу чыгармабыз, улуттук маданиятыбыз ааламга тарасын деген максат. Мен сценарист катары Чыңгыз Айтматов Жазуучулар союзунун төрагасы мезгилинде таланттуу жазуучу Ашым Жакыпбеков, Саякбай, Сагымбай манасчылардын варианттары боюнча жазган романдын жана элүүнчү жылдарда Сыдыкбеков, Токомбаев, Баялинов, Жантөшов, Маликов редакторлук кылып чыгарышкан эпостун академиялык вариантынын негизинде сценарий жазып, продюсер катары Голливуд баш болгон эл аралык ири кино компанияларга чыктым. Дүйнөлүк көрүнүктүү режиссёр, оператор, актёрлор буюрса, ааламдык улуу дастан жаратмакчы.

-- “Манастын уулу Семетей” тасмасы эмне болду?

-- Эл аралык интернет платформалардын сунушу менен айрым сценалар кыскартылып, жаңы сценалар тартылып, кошумчаланып, атайын эффекттер жасалып, азыр бир катар өлкөлөргө теле жана интернет каналдар аркылуу көрсөтүлүүгө даярдалууда.

-- Кийинки мезгилдерде соцтармактарга жалаң чет өлкөлөрдө эл аралык кино ишмерлер менен сүрөт, видеолорду жарыялап келатасыз...

-- Кийинки эки жылга жакын мезгилден бери Түркия, Россия, Европа, Америка өлкөлөрүндө кызматташууга туура келүүдө. “Манас,” “Манастын уулу Семетейден” башка да эки кино долбоор даярдоого жетиштик.

-- Алар да көркөм фильмдерби?

-- Ооба. Биринчиси “Америка-Евразия” көркөм фильми. Бир жылча Голливуд киночулары менен талкуулап, жакында гана сценарий кабыл алынып, өндүрүшкө киргизилди.

-- “Америка-Евразия” Голливудда тартылабы?

-- Голливуд кино компаниясы тартмакчы. Биз өнөктөш катары биргелешип катышабыз.

-- Тасма эмне тууралуу?

-- Улуу Ата мекендик согушта кыргыз жоокери Европада тамак ташыган араба менен фашисттердин туткунунан качып чыккан үч чет өлкө жаранын ээн талаадан жолуктуруп, аларга жардам берип, Америка элчилигине жөнөтөт. Кийин жылдар өтүп, СССР кулап, эл аралык байланыш түзүлгөндө америкалык ишкер эл аралык уюмдун Орто Азиядагы өкүлү аркылуу кыргыз жоокерин издеп табат. Европалыктардын Америкадагы жана кыргыз жоокеринин өз элиндеги драмалуу кыйчалыш тагдырлары, сүйүүлөрү баяндалат. Америкалык ишмер менен кыргыз жоокери картайып, алардын уулдары достошот. Чоң бизнестен кыйын кырдаалга учураган кыргыз бизнесмен Америкага барат. Ал жактан кыргызга тектеш индеец аталган Бакайчы уруусунун өкүлдөрүнө жолугат… Эл аралык кино талаптарына ылайыктап сценарийди бир жыл даярдадык.

-- А экинчи кино долбооруңуздар эмне тууралуу?

-- “Президенттин сүйүүсү” аттуу көркөм фильм. Аны да бир жылдан бери даярдап келатабыз.

-- Кайсы өлкөнүн президенти прототип болду?

-- Мен “Президент жана бомж” фильминин сценарийин жазып, кийин тасма кылып чыгарганда көптөр кызуу талкуулашкан. “Президент Акаевби же Бакиевби?” дешип. Жалпылаштырылган адабий каарман экенин жооп кылчумун. “Президенттин сүйүүсү” – эл аралык кино компания менен тартылуучу долбоор. Негизинен Орто Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин кийинки отуз жылдагы үй-бүлөлүк жашоосу, сүйүүлөрү, жалпылаштырылган адабий чыгарма. Түркиянын атактуу “Султан Сулейман” киносу сыяктуу эл башчынын жеке турмушун чагылдырган курч мелодрама.

-- “Президент жана бомж”, “Төңкөрүш”, “Манастын уулу Семетей”, “Манас – жалаң президенттер жана эл башчылар тууралуу тасмаларды жаратып, убагында көп жыл коомдук-саясый гезиттерде иштеп, басма сөздөрдү жетектеп, саясатта жүргөнүңүздүн натыйжасы болсо керек?

-- Бир нече президенттик жана парламенттик шайлоолордо, партияларда басма сөз катчы, кеңешчи катары чоң саясатка аралаштык. Россия президенти Путин тууралуу убагында “Бир тууган Бакиевдер” китебин жазып, Казакстандын экс-президенти Назарбаев, кыргыз президенти Жапаров, жакында Түркия президенти Эрдоган тууралуу даректүү тасмаларды тартып, Кыргызстан гана эмес, эл аралык лидерлер жана алардын жакындары, элиталары менен аралашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Демек, эл башчылардын турмушу тууралуу кабардарбыз.

-- “Президент жана бомж-1-2-3”, кийин “Манастын уулу Семетей”, анан “Манас” тасмалары менен коомчулукта ызы-чуу түшүрдүңүз эле. Эми “Президенттин сүйүүсү” менен резонанс жаратат окшойсуз...

-- Ооба. Ири чыгарма чоң талкуу жаратат, бирок бул жолку тасмаларыбыз буюрса эл аралык долбоорлор болмокчу.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер