Кыргыз этнография илимдеринин чыгаандары

Дүйнөлүк мамлекеттердин өнүгүү тарыхында ар бир улуттун өзүнө таандык илими жана илимий ишмердүүлүгү калыптанат. Бул жагынан алганда Кыргыз мамлекетинин дагы илимдеги өзгөчө орду бар. Тарыхый илимдердин катарында эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш- тиричилигин, маданий, тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим бул этнография (этнология) илими болуп саналат. Акыркы учурда коомдук турмуштун өзгөрүп жатканына байланыштуу этнология деп көп айтылып келет. Кандайынан алып айтпайлы, этнография же этнология болобу, “эл”, “уруу” жөнүндө жазам деген байыркы гректердин сөзү. Этнография илиминин изилдөө предметинин негизин ар бир элдин өзүнө гана таандык мүнөз берген күнүмдүк турмуштун салттык маданияты түзөт. Этнография тарых, археология, экономика жана социология илимдери менен биргеликте элдердин этникалык тарыхын, чарбалык турмушун, социалдык түзүлүшүн, карым-катнаштарын жана байланыштарын изилдейт.
Кыргыз этнографиясынын тарыхына токтолсок, кыргыз этнографиясын жана этнологиялык маселелерин изилдөөдө айрыкча салым кошкон илимпоздор Белек Солтоноев, Какен Мамбеталиева, Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, Сабыртокто Аттокуров, Абылабек Асанканов, Өскөн Осмонов, Тынчтыкбек Чоротегиндей белгилүү, белдүү окумуштууларыбыз бар. Уучубуз куру эмес, башка дагы этнограф окумуштууларыбыз туурасында кийинчерээк өзгөчө кеңири мазмунда макалалар жарык көрөт. Мен учурда өзүмдү окутуп калган эки этногаграф агайым туурасында жазганды туура көрдүм.
Сабыр Аттокуров агайым Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Лама айылында 1932-жылдын 12-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Балалык чагы Улуу Ата мекендик согушка туш келип, жетим бала болгондуктан Чаек айылындагы балдар интернатында чонойгон. Интернатты бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тарых факультетине кирип, 1953-жылы аны аяктайт. Институтту артыкчылык менен окуганына байланыштуу окутуучу болуп калат. Ал учурда өлкөбүздө улуттук кадрлардын жетишсиздиги дагы чоң маселе болгон. Жакшы окугандыктан, илимге ылайыкташып, аспирантурага тапшырып, 1956-жылы аны аяктаган.
Окумуштуу, чыныгы педагог-профессор катары анын ишмердүүлүгү 1956-жылдан тартып 1986-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик университетте (азыркы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет) эмгектенип келди. Сабыр Аттокуров агайым 1986-жылы “улутчул” деп куугунтукка туш келди. Ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын идеологдору жазыксыз жерден жазалашты. Коммунисттик партиянын катарынан чыгарышты. Жүрөгү “улут” деп күйгөн кыргыздын чыгаан профессору 1989-жылга чейин жумушсуз калды. Ошондо дагы кайратынан жазбай, Казакстанда болгон “Желтоксан” окуясына катышкандарды, жаштарды колдоп турду. Сабыр агайдын жүрөгү тоодой эле, коркуу сезими болгон жок, мен аны жанында жүрүп байкадым. 1989-жылдан тартып Кыргызстан УИАнын тарых институтунун совет мезгили бөлүмүнө улук илимий кызматкер катары кирип, 1993-жылдан тартып бөлүм башчы катары эмгектенди.
Сабыр Аттокуров агайым илимдин чыныгы дыйканы эле. Качан барбайын академияда иштеп отурганын көрчүмүн. Мурун тыюу салынып келген “Тагай бий” (1994), “Кыргыз санжырасын” (1995), “Кыргыз этнографиясынын тарых наамасын” (1996) жылдары тез арада жазып бүтүрдү. Санжыра туурасында айтканы ушул күнгө чейин эсимде, “санжырага өтө кылдат мамиле жасоо керек, болбосо жомок болуп калат” деп туюндурган. “Санжыранын түпкү максаты – кыргыздарды урууга бөлүү эмес, аларды ким кайдан экенин билүүгө үйрөтүү” деп айтар эле. Азыр биз анын чындыгын көрүп жатабыз. Билген-билбегенибиз деле өз уруусун мактап санжыра жазып жатышат. Агайдын “улутчул” аталышы дагы ушул эмгектерине байланышкан. Студенттерге кыргыз этнографиясынан окуган дарсында өз элинин өзгөчөлүгүн, каада-салтын, үрп-адатын, аларды сактап калуу зарылчылыгын айтат (!) деп күнөө табышкан. Агайдын илимий ишмердүүлүгүнө кайрылсак, 200дөн ашык илимий популярдуу окуу китептерди, 10дон ашык монография жана макалаларды жазып калтырды. Илим менен эле чектелбестен жаш кезинде ыр жазып, жыйнак кылып чыгарган. Профессор, этнограф Сабыртокто Аттокуров агайдын илимге кошкон салымы зор десек болот.
Кыргызда жакшы сөз бар “устатынан шакирти өтүптүр” деген, анын сыңарындай, Кыргызстандын УИАнын академиги Абылабек Асанканов агайым Сабыр агайдын жакын окуучусу, шакирти. Бир арыктан суу ичип, туулуп, өскөн жерлери дагы бир өрөөндүн жылгасы. Абылабек Асанканов агай 1954-жылы 27-декабрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-1977-жылдары Кыргыз мамлекеттик университенин тарых факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун Жумгал районундагы Көл-Арык орто мектебинде мугалимдик кесиптен баштап, 1979-жылдан тартып Фрунзе калаасына келип, политехникалык институттун КПССтин тарыхы кафедрасынын окутуучусу катары кесибин улайт. Илимдин келечегин эрте баамдаган Абылабек агай көпкө кармалбай 1980-жылы СССР илимдер академиясынын Н.Н.Михулуко-Макалай атындагы этнология жана антропология институтуна аспирантурага тапшырып, 1983-жылы аяктап, кандидаттык диссертацияны ийгиликтүү коргоого жетишет. Андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинде этнография кафедрасын жетектөө менен аталган институттун докторантурасын бүтүрүп, 1993-жылы докторлук диссертацияны жактайт. Илимдин жолун тапкан Абылабек Асанканов агайга этнология илими боюнча чыгаан адис катары чыгышына ушул институт таасир бергендей. Учурда дагы бул институт менен өз ара байланыш күч алгандай. Атап айтканда, Москвадан жакында жарык көргөн ”Кыргыздар” деген фундаменталдуу эмгек мунун далили.
Устат-шакирт деген кыргыз элинде терең мааниге ээ. Абылабек агайдын Москвадан алган теориялык-методологиялык билими Кыргызстан үчүн пайдалуу болду десек туурадыр. Азыр Кыргызстанда этносоциология багытында илимий мектеп түзүлдү. Тактап айтканда, Абылабек Асанкановичтин жетекчилигинде 60тан ашык аспирант, докторанттар илимий иштер менен алектенүүдө. Кандай гана коом болбосун өнүгүү жолунда улуттук аң-сезимге таянат эмеспи. ХХ кылымдын 80-жылдарынын акырында кыргыз коомчулугу саясый өзгөрүүгө кабылды. Кыргыз улуту кайра куруу процессин башынан өткөрүп, улуттук кайра жаралууга кадам таштаган учур эле. Ошондой кырдаалда Абылабек агай “Социально-культурное развитие современного киргизского населения” (опыт этносоциологического исследования) (1989) деген эмгегин жазганга жетишти. Биринчилерден болуп айыл калкынын соцалдык-маданий өнүгүүсүнө илимий анализ жүргүзүлдү. Андан сон “Кыргызы: рост национального самосознания” (1997) аттуу монографиясы жарыяланды. Бул эмгекте кыргыздардын өз улуттук баркын сезүү, сыймыктануу сезиминин жогорулаганын, аларга таасир берген саясый, экономикалык жана маданий факторлордун ордун, табиятын түшүндүрүүгө алгачкы кадам жасалды.
Абылабек агайдын дагы бир жөндөмдүүлүгү: беттеген ишти өтөөсүнө чыгарганында. Азыркынын тили менен айтканда, жакшы менеджер. Учурда илим жаатында УИАнын тарых институтун жетектөө менен эл аралык иштерди тынымсыз алып барып жүрөт. Мисалы, Кытай, Россия жана башка мамлекеттер менен байланыш түзүүдө. Ал эми коомдук-саясый иштерди алсак, 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү даярдоодо “Манас–1000” дирекциясынын алдында уюшулган өкмөткө караштуу “Мурас” ишкер долбоорунун директору болуу менен симпозиум, коференция өткөрүп, кыргыз тарыхы, этнографиясы, “Манас” эпосунун үчилтигин толук басмадан чыгарган болчу. Илим менен катарлаш саясатта, мамлекеттик иште КР президенттик аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракетенүү бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалады.
Абылабек Асанканович учурунда КМУнун тарых факультетинин деканы, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору болуп турду. Демек, Абылабек агай ар бир иштин өтөсүнө чыккан кыргыздын чыгаан инсаны. Абылабек агайга мындан ары дагы ишиндеги күжүрмөн ийгиликтерди каалайм! Жетимиш жаш кутман курагыңыз кут болсун!