Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Атамбаев абактан каза тапса, өлүмү азыркы бийликтин мойнунда болот”

Адил Турдукулов: “Атамбаев абактан каза тапса, өлүмү азыркы бийликтин мойнунда болот”

22-апрель, 22:07
3 377 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абактагы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кооптондуруп келгени белгилүү. Камакта кармоонун кандай зарылчылыгы бар? Же эркиндикке чыкса саясый кырдаалга таасир этип, бийликти солкулдатышы мүмкүнбү?

-- Россияда азыр Навальныйдын абалы бийликке канчалык баш оорутса, Атамбаевдин ден соолугу биздин бийлик үчүн дагы көйгөй жаратууда. Анткени эки саясатчы өз мамлекеттеринде саясый туткун болуп, абакта болуп турганы – алардын саясый салмагын ого бетер арттырып, ички жана тышкы күчтөрдүн да тынчыздануусун күчөтүүдө. Эмнеге эки саясатчы дагы деле абакта? Анткени экөө тең “саясый жаныбар”. Саясатсыз өз өмүрүн элесте алышпайт. Бийликти солгундата беришет. Бирок Атамбаевдин азыркы бийликке өчү жок. Ошондуктан ага карата саясый чечим кабыл алынып, кепилдик аркылуу дарылоого чет жакка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Анткени ал абакта каза болуп калса, анын өлүмү азыркы бийликтин мойнунда болот. 

-- Учурдагы коррупцияга каршы күрөшүүнү кандай бааласа болот? Көңүлгө толбой аткандай, себеби эмнеде?

-- Азыркы бийлик коррупция менен күрөшүүнү “кустуруу” катары чечебиз” деп ойлойт. Бирок бул популисттик ыкма көп учурда тышкы жана ички инвесторду Кыргызстандан качырууга гана жол ачууда. Анан дагы ошол 5 млрд. сом (“кустурулду” деген акча) чын эле казыныбызга түштүбү же жокпу, тастыкталган фактылар жок. “2 млрд. сом имарат түрүндө кайтарылды” деп айтылып жатат, анын чыныгы базардык баасы ошондойбу же жокпу? Күмөндүү маселе. “Укук коргоо органдары ал олигархтардын акчасын сол чөнтөккө салган жокпу? “Кустуруу” кадимки мамлекеттик рэкетке айланып кеткен жокпу?” деген суроолор ошон үчүн көп чыгып жатат. Эмне үчүн Токмоктогу тургун коронавирус маалында балдарын сактап калайын деп дарыканадан дары-дармек уурдаганга мажбур болуп, 5 жылга кесилип кетет да, экс-аткаминер тапкан арам акчасынын бир бөлүгүн кайтарып коюп кутулуп кетет? Бул деген кош стандарттуулук, көз боёмочулук да!

5-октябрда болгон төңкөрүш эң оболу шайлоонун жыйынтыгы эмес, коррупция менен күрөш жүргүзбөгүндүктөн, бажы тармагында аткезчилик күчөп кеткендиктен болгон болчу. Бирок эмне үчүн Кытай азыркыга чейин Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда? Анткени Кыргызстанда бажы тармагында коррупциянын тамыры кыркылган жок. Бийлик дагы деле коррупциянын себеби эмес, анын кесепети менен гана күрөш жүргүзүп жаткандай түр көрсөтүүдө. 

-- Бүгүнкү бийликке Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдер канчалык деңгээлде таасир эте алышат? Коомчулукта ар кандай кептер болууда. Алар 11 жыл мурда тарттырып жиберген байлыктарын кайра кайтарууга кириштиби? 

-- 2010-жылдагы июнь каргашалуу окуясын кайра иликтеп баштаганы, декрет менен улутташтырылган 47 объектини сот аркылуу кайра караштыруу аракети – бул Убактылуу өкмөттү дискредитациялоо максатындагы иш. Бирок буга өз убагындагы мыйзамсыз, адилетсиз иштери да негиз болуп келген. Мисалы, ыраматылык Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнүн алкагында билсек болот. Эми ошолорду артка кайтаруу процесси жүрүп жатат. Анткени ошол учурда жабыркап калган адамдар азыркы бийликке жакындап калды. Алар үчүн мүлкүн кайтарганга, өч алганга саясый шарт түзүлдү. Бизде дайыма ошондой болуп келген. Бийликке келген адамдар мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты алдыга койбостон, саясый топтордун кызыкчылыгына артыкчылык берип келет. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер