Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көлдөгү массалык мушташ чет элдик эс алуучуларды кооптондурду

Ысык-Көлдөгү массалык мушташ чет элдик эс алуучуларды кооптондурду

08-июль, 17:42
518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Туристтик сезон жаңы башталганда “Радуга” пансионатында массалык мушташ чыгып, көл жээгинде тепкилешип, кубалашып жүргөн видео тарады. Мындай көрүнүш өзгөчө чет элден келе турган эс алуучуларды кооптондурганы талкууга алынды. Соцтармакта кыйла аша чапкан кептер күчөп барып токтоду... Туризмди өнүктүрүүдө өлкөбүздөгү ушундай жапайычылыктын алдын алуу, коопсуздукту камсыздоо негизги милдетибиз. Тийешелүү жетекчилер эл менен тыкыр иштешип, таалим-тарбияны, түшүндүрүүнү убагында жүргүзүү шарт. Эң оболу, тынчтык камсыздалышы зарыл. Эгерде экинчи ирет Ысык-Көлдө жапырт мушташ дагы катталса, анда актана албайсыңар! Андыктан, күнөстүү жерди мекендеген калкыбызды меймандос, маданияттуу, акылман эл катары көрсөтүүгө ашыгалы. Бул жагынан бийлик алгылыктуу идеяларды, асыл ойлорду, элибиздин көөнөрбөс мурасын, нарк-насилин жайылтуу менен иштеши керек. Качанкыга чейин кырдыбычак болобуз? 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер