Туманбаевдин “мүшкүлдүү келечегине” дүрбү салган Шыкмаматов
Президенттин кеңешчиси Алмамбет Шыкмаматов дасыккан юрист, кыраакы саясатчы эмеспи. “Камырдан кыл сууругандай” кылдатыгычы? Анан калса, опурталдуу иштерге баспаган, алдын ала жамандыкты аңдаган жайы да бар. Бизге жеткен маалымат боюнча, Алмакең адыраңдап бараткан Каныбек Туманбаевдин эртеңине баш чайкап, оор мүшкүлгө туш болорун сездиби? Сыягы, компроматтары да бар окшойт. Баса, артка кылчая карасак, таасирдүү кызматтардан кимдер гана ыргып кетпеди? “Серый кардиналдар” Илмияновдор, Салиевдер кечээ каякта эле, а бүгүнчү? Бири бозуп жүрсө, экинчиси абакта! Мындайлардын далайлары саясый талаадан четтешти. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов кандуу Бакиевдердин режиминен бери аман-эсен келатат. Тумшуктууга чокуткан жокпуз. Дагы далай бийликке акыл айтары талашсыз. Табиятыңан шыгың болбосо Шыкмаматовдой из салуу кыйын да.
"Азия Ньюс" гезити