Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалалидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Пахтанын баасы төмөн болгонунан дыйкандарыбыздын эмгеги акталбай жатат”

Жалалидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Пахтанын баасы төмөн болгонунан дыйкандарыбыздын эмгеги акталбай жатат”

25-декабрь, 21:30
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    -- Жалалидин Паязидинович, аравандык дыйкандар негизинен пахта өндүрүшөт эмеспи. Быйыл аны сатуу жагынан көйгөй жаралып жаткан окшойт?

-- Ооба. Былтыр килосу 112 сомго чейин сатылган. Быйыл болсо 85 сомдон башталып, кайра 70 сомго түшүп калды. Биринчи, экинчи сорттор 70 сом, акыркы жыйымдар 45-50 сомдун айланасында. Пахтанын баасы төмөн болгонунан дыйкандарыбыздын эмгеги, жер семирткич, химикат сыяктуу кеткен чыгымдары акталбай калып жатат. Себеби, аларман жок. Дүйнөлүк биржада былтыр пахтанын тоннасы 2800-3000 доллар болсо, быйыл 2200 долларга чейин түшүп калды. 

-- Пахта негизинен каякка экспорттолчу эле?

-- Түркия, Россия, анан Өзбекстан алчу. Азыр алардын өзүндө да баа түшүп кетип, албай калышты. Илгери Европа өлкөлөрүнөн венгерлер, анан чехтер алчу. 

-- Ушундай шартта дыйкандарга кантип жардам берсе болот?

-- Өндүрүштү кайра жандандыруу зарыл. Өндүрүлгөн пахтаны мамлекет же агрокорпорациялар элден сатып алып, акырына чейин иштетип, даяр продукцияны сатканыбызда гана дыйкандар пайда көрөт. Азыр пахта заводдорубуз болгону менен алар волокно гана чыгарат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер