Тегеранда кулаган самолетто студенттер көп болгон
Кечээ күнү Тегаранда Украинанын эл аралык авиалинияларына таандык “Боинг” самолуту кырсыкка учурап, 178 адам мерт болду. Алардын он беши Украинанын (2 жүргүнчү, 13 экипаж мүчөсү), 71и Ирандын, 73ү Канаданын, төртөө Германиянын, үчөө Улуу Британиянын, сегизи Швециянын, алтоо Ооганстандын жарандары. Канаданын жарандарынын бир тобу каникулдан кайтып, баасы арзандыгынан улам ушул рейсти тандап алган студенттер. Студенттердин биринин колунан куткаруучулар Кудайдан экзаменде жардам берүүсүн суранган катты табышкан.
Ирандын бийликтери ЖМКлардын самолетко ракета тийген деген версиясын жокко чыгырышты. Алардын айтымында, эгер ракета тийген болсо самолет асманда жарылмак. “Боингдин“ кыйроосуна кыймылдаткычтын күйүп кетиши себеп болгон. Денелери катуу күйгөндүгүнө байланыштуу азырынча өлгөндөрдүн өздүгү аныктала элек.
Aryba.kg