Чуулгандуу иш. Камактагы Абылгазиев шефи Жээнбековго каршы көрсөтмө береби?

Кумтөрдүн алтын кени боюнча дагы бир чуулгандуу иш башталганы туру. Жооп берчүлөрдүн сап башында мурунку өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев турат. Ага мыйзамсыз көрсөтмө берип, аткартып, коңулдан карап турган мурунку президент Сооронбай Жээнбеков дагы бар. Бул чуулгандуу иш боюнча камактагы Абылгазиев “баарын өзүм жасадым” дейби, же шефи Жээнбековго каршы көрсөтмө береби? Болгон ишти болгондой төкпөй-чачпай айтып берип, тергөөчү менен кызматташуу мунасасына келишсе, иши жеңилдээрин өзү деле билсе керек. Жок, андай болбосо, жебеген самсага пул төлөп, бирөөлөр үчүн нөөмөтүн түрүп отурары турган иш. Себеби, Мухамметкалый Абылгазиев өлкө башчысы менен макулдашпай туруп, өзүмбилемдик менен өкмөт токтомун токуй албайт болчу.
Курманбек Бакиев 2009-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” корук жерден кошуп 16,330 гектар жерди мыйзамсыз кошуп берген, мына ошол мыйзамсыз берилген 16,330 гектар жерди канадалыктар “мурун эле келишимибизде чийип көрсөтүлгөн” деп каратып туруп кашайтып келишет. Башында келишим түзүп алган жери 10,070 гектар жер болгон. 2011-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөт башына келгенде “Центерра Голдго” коруктун ичиндеги жерлер кошулуп 16,330 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталып, өкмөт өз токтому менен кайра ордуна койгон. Мына ошол коруктун ичиндеги кошулуп кеткен жерлер болуп 16,330 гектар жерди Абылгазиевдин желдеттери: айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов, токой жана аңчылыкты жерге жайгаштыруу мекемесинин башчысы, Сабыр Чукунбаевдер ал жерди башкача кылып чийишип, элди каратып туруп алдашты беле?
Ошентип “Центера Голд инк” компаниясы баш-аягы 26,400 гектар жерди, анын ичинен мыйзамсыз кошуп алган 16,330 гектар жерге ээлик кылып отурушат. 16,330 гектар жер өкмөттүн мыйзамсыз токтому менен токулуп, Мухамметкалый Абылгазиев берип салганы айкын болуп отурат. “Эми булар Абылгазиев баш болуп элге эмне деп жооп берер экен?” деген чакта “Центерра Голд инк” Кыргызстанга дагы бир жыландын башын чыгарып, “мамлекеттин үлүшүн дагы кыскартайын” деп жатышабы, же экологияга келтирген зыяндан кантип кутулуунун жолун издешеби, айтор, “Центерра Голд” компаниясы “Центерра Голд майнингдин” 50% үлүшүн “Орион майнинг финанс групптун” филиалына сатып жибергени кандай? “Центерра Голд инк” компаниясы Жээнбеков, Абылгазиевдер менен келишип алып, 16,330 гектар жерди бөлдүрүп алып, эксперттер айткандай, “кеминде 300-350 тоннадай алтынды 2042-жылга чейин иштетебиз” деп алаканын ушалап турган чактары го, кантебиз?..
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Мухамметкалый Абылгазиев “Центерра Голд инк” компаниясынын кызыкчылыгына бөлүп берген 16,330 гектар жерди токтоосуз жокко чыгартып, ал жерде жүрүп жаткан ишти бүгүндөн калбай токтоттуруп, жеӊ ичинен, мыйзамсыз берилген жер аяантын мамлекеттин кызыкчылыгына дал келгидей келишим түзүңүз. Эң эле болбоду дегенде 67х33кө иштешсин, болбосо мамлекет өзү иштеткени оӊ. Качанкыга чейин канадалыктарга Африка мамлекеттериндей болуп алданып отура беребиз?!
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Дагы бир ирет эсиӊизге салып коёлу, булардын иштеп жаткан ишин бүгүндөн калбай токтотуп, келишимди кайра бир сыйра каратып чыгып, күнөөлүүлөрдү катуу жазага тартыӊыз! Ошону менен бирге 20 жылдан бери Кумтөр кенинин бизге тийешелүү акциясынан 30дай чиновник жеп жүргөн, мына ошолор кимдер экенин элге ачык алып чыгыӊыз! Аларды чартаӊбай тептирбей, сазайын берчү мезгил келди окшойт!
"Азия Ньюс" гезити