Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Болот Купешов шек жаратканда

Министр Болот Купешов шек жаратканда

29-октябрь, 12:54
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинде иш чатак. Ректор Кеңешбек Үсөнов шайлоодогу атаандашы А.Абдрашовдун жактоочуларын четинен кетирип отуруп, 5 жылда 150 окутуучуну иштен айдап, алардын ордун өзүнүн тарапташтары менен толтурган. Универистеттеги мындай өзүмбилемдикке нааразы болгон окутуучулар билим берүү министри Болот Купешовго май айында эле келип арызданышкан. Министр мырза “үч-төрт күндө чечем” дегенден бери алты ай өттү. Мыйзамсыздыкка нааразы болгон окутуучулар YouTube каналына чыгып, нааразылыктарын айтып жатышат. Министр Болот Купешов болсо кылар иши, салар кушу жок немедей жер кыдырып жүрөт. А маселени ким чечет? Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген ректордун тизгинин тартчу киши барбы? Же ал билген намазын окуй береби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер