Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венециялык комиссия бизге легитимсиз парламенттин иштегенине жол ачтыбы?

Венециялык комиссия бизге легитимсиз парламенттин иштегенине жол ачтыбы?

18-декабрь, 11:36
1 625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыт – өлбөгөн жанга өтө берет экен. Анын сыңарындай, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттары сыртынан караганда жыргап эле жаткандай. “Солдат спит, служба идет” дегендей. Эгерде 5-6-октябрдагы тополоң болбогондо ким билет?.. “Кыргызстан” партиясынын өкүлү, бир четинен өзүмдүн эле иниме жолукканда “эгерде доңуз болсом, боло турган окуяны жонумдан алдын ала билгенимде, өзүмдүн депутаттык ордумду башка бирөөгө бербей турганда, эмдигиче депутат болуп отура бермек экенмин. Бир жума калды, кызыгы жок. Анан да “эң кыска мөөнөттө отурган депутат” деп шылдыңдашмак” деп өкүнгөнсүп айтканы эсиме келди. Ошол иним айткандай, азыркы парламент эми качанкыга чейин отура берет? 

Мына ушундан улам, бирин-экин белгилүү адамдарга “Легитимсиз парламент чектен чыгып, элдин кыжырына тийип атабы? Сиз кандай чечмелейсиз?” деген собол таштадым. 

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- “Легитимсиз парламент” деп айта албайт экенбиз. Анткени, венециялык комиссия “Легитимсиз бийлик орнобой турганда, анда ЖКнын 6-чакырылышындагы парламент бийликтин бош турган вакуумун толтурганга мажбур” деп айтпадыбы? Ошон үчүн булар жаңы 7-чакырылыш шайланмайынча отурушу керек экен. Бирок, бул жерде кыжырды кайнаткан бир нерсе: 6-чакырылыштын депутаттары беш жылдан бери өздөрү кабыл алган эрежелерди, процедураларды бузуп келишкен, дагы да бузуп атышат. 2016-жылкы референдумду колдошкон, азыр да колдоп атышат. Булар күнкарама болуп эле, бийлик эмне десе, баарына (процедураларына, эрежелерине) карабай кабыл алып атышат. Мына так ушу боюнча баарыбыз нааразыбыз! Булар конституциялык реформа менен референдум өткөзгөнгө эч кандай укугу жок болчу! 6-чакырылыштагылар мамлекетте тез арада гана чечиле турган маселе менен алек болуп, орчундууларды келе турган 7-чакырылышка калтыруу керек эле. Мыйзам чыгарган жогорку орган өздөрү мыйзамды бузгандыгы үчүн кандайдыр бир чара көрүлүп, алардын баарын жоопко тартуу кажет. Мындан сырткары, булардын баарын люстрация кылуу абзел. Мыйзамды бузгандардын аттарын атап, тарыхка кара из калтыргандар катары сыпатталып, ар убакта айтылып турушу керек! 

Анарбек Усупбаев, “Манас Ордо” коомдук фонддун төрагасы:

-- Биз эми аксакал болуп калдык. Туура сөзүбүздү айтып турганыбыз оң. Эгер туура эмес сүйлөсөк “акшакал” атка конобуз. Ошон үчүн ар дайым туура сөзүмдү айтуу мен үчүн парз, аракет кылам. Бул парламент, андагы 6-чакырылыштын депутаттары легитимсиз! Мөөнөтү бүткөн. Ошондо эле тарап кетиши керек эле. 5-октябрдын эртеси Садыр Жапаров убактылуу президент болору менен парламентти таратып туруп, эң ириде Конституцияга тийбей туруп парламенттик шайлоону кылыш керек эле. Ошону өткөрүп алгандан кийин гана жаңы парламент менен “Конституцияга реформа киргизем” десе туура болмок. Азыркы парламент туура эмес, легитимдүү эмес парламент! Биз кайра-кайра эле туура эмес жолдорго түшүп алып атабыз. Караңыз, Сооронбай Жээнбеков мамлекетти эмне кылды? Ага-тууган, куда-сөөгүн бийликке тартып, бир тууган иниси Кыргызстанды кандай акыбалга апкелди? Алар ойлосо керек, “биз өмүрүбүз өткүчө бийликте калабыз” деп. Сооронбайды баш, иниси Асылбекти төш кылып камап, “кустуртуш” керек. Көрөсүз, жаз мезгилинде эл кайра толкуйт. Нааразычылык күчөйт. Эл жөн жатып калбайт. Азыркы бийлик деле туура эмес жолго түшүп алды. Садыр Жапаров туура жолго түшкөндө деле президент болуп шайланмак. Бирок, бизге президент дегендин кереги жок экен. Президент такка келип, бийликтин баарын узурпациялап, жакпаганын каматып, жакканына бийлик берип, мамлекетти талап-тоноп, ансыз да өзүн-өзү багып аткан карапайым элди кыйнап ийишет экен. А кыргыз эли андайга чыдабасын канча ирет көзгө сайгандай көргөздү! Биздин мамлекетибизге премьер-министр жана парламент, болду! Экөө тең бир убакта 6 жылга шайланып, мөөнөтү бүткөндө кетиши керек, жаңысы келсин!       



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер