Динчилдердин пикетке чыга баштаганы мамлекеттүүлүк үчүн кооптонуу жаратууда


Өткөн аптада сакалчандар менен хиджап кийгендер Горький паркына пикетке чыгышып, Палестинаны колдогон саясый акция уюштурушту. Акыл-эстүү коомчулук кооптоно карап турганы байкалды. “Аллаху акбар!” деп кыйкырып жатышканы, диний идеялык сезимдерин билдиришкени кандай? Бийлик анчейин маани бербегени менен түпкүлүгүндө коркунуч жаратпайбы? Бул көрүнүш өнөкөткө айланып, акыры олуттуу көп суроолорду козгосочу? Оппозиция бир беткей кысымда калып, катуу көзөмөлгө алынган. Алардын тарапташтары да аз болууда. Ал эми диний агымдын жүз миңдеген фанаттары бар экенин эске алсак, эртеңки күнү кайсы бир маселени бетке кармашып, толкуп чыгышпайбы? Палестинаны жактоого кандай муктаждыктар бар? Келечектүү мамлекет улуттук баалуулуктарга басым жасашы керек. Дин саясаттан сырткары экени Конституцияда жазылган. Тилекке каршы, бизде баары аралашып, ыраатсыздык өкүм сүрүп калганын кандайча түшүнөбүз? Ток этерине келсек, динчилдердин пикет, митингдерге чыга баштаганы мамлекеттүүлүк үчүн кооптонуу жаратууда.
"Азия Ньюс" гезити











