Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карантинде моюну кесилген, кача албай жолдошунун колуна түшкөн келиндер…

Карантинде моюну кесилген, кача албай жолдошунун колуна түшкөн келиндер…

26-май, 14:08
1 008 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 240 кыз-келин кайрылган. Бул тууралуу аталган кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова “Турмуш” сайтына билдирген. Анын айтымында, карантин учурунда балдары менен үйүнөн качып чыккан аялдар көп болгон. Алар Ош шаарындагы өзгөчө абал режимине байланыштуу кризистик борборго жайланышкан эмес. Көпчүлүгү кайра үйүнө кайтууга аргасыз болушкан. 

«20-майда эки баласы менен жалалабаддык келин келди. Аны күйөөсү балдары менен көчөгө кууп чыгарып коюптур. Эки күндөн бери ар кайсы жерде түнөп жүрүптүр. Буга ченин “Ак жүрөк” кризистик борборунда 8 кыз-келин бар болчу. Келиндин эки баласы менен жалпы 11 адам болду. Учурда 3 жаш бала жана 9 кыз-келин бар. Үч айдын ичинде 240тан ашуун кыз-келин телефон аркылуу кайрылды. Алардын көпчүлүгү жолдошу тарабынан зордук-зомбулук көрүп келишкенин, карантин учурунда андан да жаман абалда калышканын айтып кайрылышты. Өзгөчө абал режими учурунда эч жакка чыга албай же жакындарына качып кете албай жатышканын айткан телефон чалуулар көп болду. Жолдошу уруп, башы-көзүн көгөртүп, моюну кесилип, үйдөн чыга албай калгандары болду» деди Дарика Асилбекова.

Анын айтымында, аталган кризистик борборго Ош шаарынын четиндеги аймактардан кайрылган кыз-келиндер да көп болгон. Алардын сегизи гана Ош шаарына кирүүгө мүмкүнчүлүк тапкан.

«Ош шаарынын четиндеги айылдардан 24 кыз-келин кайрылды. Алар үйдөн качып келип, блокпосттордон өтө алышкан жок. Көпчүлүгү айласы жок, кайра үйүнө кетүүгө аргасыз болушту. Мен 8 кыз-келинди өткөрүп алганга жетиштим. Көпчүлүгү колунда документтери жок качып чыгышыптыр. Өздөрүнүн айтымында, күйөөсү паспортторун, балдарынын документтерин катып койгон» деди Дарика Асилбекова.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер