Акыркы кабарлар
» Коом » Талибдер студент кыздардын университетке баруусун токтотту
Талибдер студент кыздардын университетке баруусун токтотту
21-декабрь, 12:15

Ооганстанда студент кыздардын университетке баруу мүмкүнчүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Reuters агенттиги талибдердин өкмөтүнүн Билим берүү министрлигинин катына таянуу менен билдирди.
Ооганстанда Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, мамлекеттик жана жеке менчик университеттерине студент кыздардын окуусун тез арада токтотуу тапшырмасы берилди.
Чет элдик өкмөттөр, анын ичинде АКШ талибдердин администрациясын расмий таануудан мурда ооган бийлиги кыз-келиндердин билим алуусуна байланыштуу саясатын өзгөртүшү керектигин билдирди.
20-декабрда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жылдардан бери согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу баяндама жасады.