Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Саидов: “Учурда өзүбүздүн резерв боюнча гана бааларды убактылуу кармап турабыз”

Медербек Саидов: “Учурда өзүбүздүн резерв боюнча гана бааларды убактылуу кармап турабыз”

03-июнь, 09:00
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Доллар арзандаганы менен эмнеге азык-түлүктүн баасы төмөндөбөй жатат?” деген суроого президент “кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча эң арзан тамак-аш Кыргызстанда. Изилдеп салыштырып көрсөңөр, толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн гана камсыздабастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат” деди Жапаров. Президенттин пикирине кандай комментарий бересиң?

-- Дүйнөдө тамак-аш кризиси күч алып, айрым азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салып жатканда, арзанчылык болору кыйын. Биз баарыбыз билебиз, Кыргызстан импорттоочу өлкө, тамак-аштын 70%ы сырттан, тагыраагы, Россия, Беларусь жана Казакстандан ташылып келет. Анан “өзүбүздө өндүрүш жок болсо, тамак-аш эмне үчүн арзандамак эле?” деген ой. Бул элди дагы бир ирет алыксытуудай сезилип атат. Эл чынында эле кыйналып калды, бир эле тамак-аш гана эмес, башка нерселердин деле баалары өстү. Ошондой эле курулуш материалдардын, дары-дармектердин, үй чарба товарлардын ж.б.у.с. нерселердин баары дээрлик 50%га чейин өскөнүн көрүп жатабыз.

 Дагы бир нерсени тактап кетүү керек, Казакстан жана Россия убактылуу кумшекер менен буудайды экспорттоого тыюу салышкан. Биз азыр өзүбүздүн резерв боюнча гана бааларды убактылуу кармап турабыз деп ойлоп жатам.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер