Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент кайрадан Алымкадыр Бейшеналиевди министр кылабы?

Президент кайрадан Алымкадыр Бейшеналиевди министр кылабы?

21-август, 09:06
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сакоо министри Гүлнара Баатырова баш-аягын жыя албай, башкарууга шаасы жетпей, алдастап калганы жашыруун эмес. Кол астындагы директорлор, башкы врачтар тоготпогондой түр жасашып, системада ажырым кете баштаптыр. Министр деген гана аты бар, ал эми жасаган ишинен, эмгегинен дайын жок. Мындай шартта ак халатчандар арасында “Алымкадыр Бейшеналиевди убагында баалабай коюптурбуз, чындыгында чоң өзгөрүүлөрдү баштаган эле. Коррупцияга баткан, “түшпөс хандарды” ордунан козгоп, кубалап, жаштарга шарт түзүүгө жол ачкан. Бир жыл иштеп турганда реформанын аягына чыкмак” деген кептер айтылып атыптыр. Ошондо кандай? Садыр Жапаров көпчүлүк дарыгерлердин пикири менен эсептешип, кайрадан Алымкадыр Бейшеналиевди министр кылабы? Чындыгында ага козголгон кылмыш иштери “сынып”, жокко чыкканы маалым. Президент ойлонуп көрүшү керек го, саламаттык сактоо тармагы сазга батып баратат, аныгында Алик байкедей реформатор керек болуп жүрбөсүн? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер