» Саясат » Прокуратуранын “канат-куйругун” кестирип берген Курманкул Зулушевдин кайдыгерлиги
Прокуратуранын “канат-куйругун” кестирип берген Курманкул Зулушевдин кайдыгерлиги
08-сентябрь, 20:26
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Аты улук, супарасы курук” дейт кыргызда. Анын сыңарындай, прокуратура системасынын “канат-куйругу” кесилгендей болду. Тергөө тобу ИИМ менен УКМК өтүп, кыйла алсырай түшкөнүн баамдап атабыз. Мыйзамдарды көзөмөлдөөчү органдын тергөөсү жок болсо, кандай рычагдарга таянат? Кайсы бир кооз реформаларды оозана беришип, акыры прокуратуранын пайдубалына доо кетиришти. Бул таризде кесипкөй юрист адистер нааразы дечи. Эгерде Курманкул Зулушев табиятынан нагыз прокурор болуп, аталган системага күйсө, союз кезинен келаткан шыбаганын ишпалдасын чыгармак эмес. Таасирин, күчүн сактап калмак. Тилекке каршы, адашкан кадр катары кайдыгерлигин көрсөтүп, бүтүндөй коллективдин каарына калдыбы? Айрыкча күч органдары паракорлукка, коррупцияга шектелишип, кармалып жаткан фактыларды жашыра албайбыз. Мындай абалда прокуратуранын көзөмөлү керек эле да.