2021-жылдын ушул айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу алтын өндүрүү эки эсеге аз болууда, себеби эмнеде?
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго
Кайрылуу
Кумтөр маселесин иликтөөгө түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп турганыңызда жети пункттан турган өзүмдүн сунуш-пикирлеримди сиздин тапшырмаңыз менен жөнөттүм эле. Бул жөнүндө сиз менен декабрь айы, 2021-жылы биздин ассоциациянын ардагерлери менен жолуккан учурда өзүнүз да учкай айтып кеткенсиз. Бүгүнкү күндө мен да адис катары Кумтөр долбоорунун кыргыз тарапка өтүп жатканына чоң кубанычтамын жана колдойм. Ошол эле мезгилде кандай шарттар менен бул долбоор чечилип жатканы купуя сыр болуп келүүдө. Албетте, баардык жагдайларды эске алуу менен чечилип жатат деп эсептейм. Бирок, тилекке каршы, такшалган адистердин катышуусу, алардын сунуштарын эске алуу менен чечилгенде туура болот беле?.. Себеби, учурунда Ж.Сатыбалдиевдин бул долбоор боюнча даярдалган чечимине биз дагы аргументтуу сунуштарыбызды бергенбиз. Андан сырткары, С.Исаковдун, М.Абылгазиевдин даярдаган стратегиялык келишимине да сын-пикирлер официалдуу түрдө берилген. Бул жагдайларды эскерүүнүн эң негизги себеби, Кумтөр долбоору дагы да болсо көп жылдар бою кыргыз эли менен экономикасына кызмат кылып берсе деген эле ой-тилек.
Ал эми бүгүнкү күндүн талабын эске алуу менен эмнени айтсак болот? Туура, 2021-жылдын жыйынтыгы менен КГК 14,561 тонна алтын өндүрдү, анын ичинен 4,2 тонна алтынды «Центерра» компаниясы 17-майга чейин, мындайча айтканда, тышкы башкарууну киргизгенге чейин өндүргөн. Эгерде «Центерра» 2021-жылга 470 миң, 510 миң унция алтын өндүрө турган болсо (болжол менен планга 62 кг – 1,3 тонна алтын жетпей калды), бул көрсөткүч планга жетпей калды. Эми мурунку катта көрсөтүлгөн 7 пунктка төмөнкү кошумча пункттарды кошуп айта кетсе болот:
Алтындын ГКЗдагы кору (запасы) 1-январь 2021-жылга 71,9 тонна деп көрсөтүлгөн болсо, ал эми 2021-жылы 14,5 тонна алтын өндүргөн болсок, коэффициент извлеченияны 84% эске алуу менен 17 тонна алтынга жакын кору погашение болду деп айтсак болот. Демек, бүгүнкү күндө ГКЗда 55 тонна алтын калды. Бул алтындын кору 2,5-3 жылга жетет деп эсептесек болот. Бул убакыт биз кандай технологиялык тартипте иш алып барарыбыздан дагы көз каранды.
Демек, ГКЗга таянган маалымат боюнча. Учурунда «тышкы башкаруу» киргизилгенге чейин «Центерра» 2021-жылдын февралында биз геологиялык чалгындоонун негизинде кошумча алтындын корун таптык, ал алтындын көлөмү 195 тонна (71,9 тонна алтынды эске алуу менен) ошонун натыйжасында Кумтөр долбоору 2026-жылы эмес 2031-жылга чейин жашоосу узарат деп билдирүү жасаган. Бирок, тилекке каршы, «тышкы башкаруу» киргизилгенден кийин геологиялык чалгындоо жүргүзгөн материалдарды (отчетторду, эң негизгиси алгачкы көрсөткүчтөрдү) бизге калтырбай өздөрүнө алып кетишкен.
Муну мындай деп чечмелеп айтсак болот. Алгачкы көрсөткүчтөр кайсы горизонтто, блокто, кандай скважиналар бургуланган? Тереңдиктери канча болгон? Кендер кандай алынган? Руда зонасы кандай аныкталган? Анын көлөмү, кубаттуулугу, залеганиясы, угол падениясы, алтындын содержаниясы канча болгон? Ушулар боюнча анык (достоверный) көрсөткүчтөр бүгүнкү күндө биз тарапта жок деп айтсак болот. Ал эми бүгүнкү күндө ГКЗга берилген көрсөткүчтөр толугу менен тийешелүү талаптарга жооп береби? Аны сөзсүз түрдө тактоо зарыл.
Муну менен эмнени айтабыз?
а) ГКЗдагы калган 55 тонна алтын менен ишенимдүү иш алып барсак, анын кору түгөнгөндөн кийин кайсы көрсөткүчтөргө таянып толук кандуу иш жүргүзсөк болот?
б) Эгерде биз «Центерранын» айткан маалыматы боюнча дагы 195 тонна алтын бар деп ишти уланта берсек, ал эми эртеңки күнү алтындын кору аныкталбай калса (алгачкы анык көрсөткүчтөрдүн жоктугунан), кандай акыбалга туш болуп каларыбызды бүгүнкү күндөн тартып ойлонсок жакшы болор эле. Себеби, бул өтө чоң «риск». Кумтөр долбоору толугу менен токтоп калышы мүмкүн, ким кепилдик берип, мойнуна жүктөй алат? Себеби, Кумтөр долбоорунун тарыхында «Камеко» менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда чоң талаштар болгон, анын себеби, «неподтверждение запасов золота» деген тыянак менен ошол мезгилде Кыргыз геологиясындагы (первичный көрсөткүчтөрдүн) негизинде «Камекого» далилдеп берүүгө толук мүмкүнчүлүк болгон.
Демек, жыйынтыктап айтсак, алгачкы көрсөткүчтөр сөзсүз болуусу керек, аны аракет кылып сүйлөшүү жолу менен «Центеррадан» сөзсүз алуу абзел. Андай кылбасак «вслепую» иш алып барган болуп калабыз!
Келечекте “подземка” менен иш алып барабызбы же ачык жол менен эле иш алып барганыбыз оңбу, муну да сөзсүз талкулоо керек. Себеби «подземкага» өтүүгө чоң акча каражаты керек, аны кайдан табабыз? Жүздөгөн миллион АКШ доллары керектелет, так суммасы ТЭО менен аныкталат. Эгерде Кумтөр долбоорунан түшкөн акчаны жумшайлы десек, бюджетибиз, экономикабыз эмне болот?
“Подземка” өзү эле капиталоемкий процесс, андан сырткары алтын өндүрүүнүн көлөмү жок дегенде үч эсе азаят, бүгүнкү күндө 14,5 тонна алтын өндүрсөк, “подземка” менен алтын өндүрүүнүн көлөмү 4-5 тоннага чейин түшүп калат. Дагы кошумча ачык жол менен иштеткенге караганда, “подземкада” алтын өндүрүүнүн өздүк наркы кескин көтөрүлүп кетет. “Подземканын” экономикасы көтөрө алабы? Эгер “подземка” менен иш жүргүзсөк, мөңгүлөрдү эмне кылышыбыз керек? Алар эрип карьердин ичи көлгө айланса, кантип иш жүргүзө алабыз? Себеби, “Центерранын” “подземкага” өтпөгөн жагдайларынын эң негизги себеби, подземный горный выработкаларды бетондоого аргасыз болушмак. Демек, алтын өндүрүүнүн наркы кескин жогорулап кетмек. Демек, бул маселелерди чечүүдө сөзсүз түрдө кыргыз адистеринин дагы катышуусу абзел! Дагы кошумча көтөрүлө турган маселе – бүгүнкү күндүн, тактап айтканда, 2022-жылдын март айындагы көрсөткүчтөрүнө кайрылсак, болгону 1,5 тоннага жакын алтын өндүрүп жатабыз. Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 эсеге аз болууда, анын себептери эмнеде? Мындай көрсөткүчтөр менен биз жылдын аягында 10 тоннага жетпеген алтын өндүрүшүбүз мүмкүн. Бул жагдайларды карап талкуулоо керек. Бул маселелерди чечүүгө тоо-кенчилер жана геологдор бирикмеси өзүнүн жардамын көрсөтүүгө даяр.
Жогорудагы көрсөтүлгөн жагдайларды Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич мырзага да жеткирип коюшуңузду өтүнөм!
Урматтоо менен
Д.КАМЧЫБЕКОВ, тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техникалык илимдин доктору, инженердик академиямын академиги, Россия тоо-кен илимдер акдемиясынын мүчөсү
Т.: 0777-80-99-99
"Азия Ньюс" гезити