Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаки өзү араң жүрүп, Райымбек Матраимовго сөйкөнүп уят болду

Шаки өзү араң жүрүп, Райымбек Матраимовго сөйкөнүп уят болду

30-март, 22:30
2 243 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Шаршенбек Абдыкеримов Лондондо жатып алып, ар нерсени жазып, коомчулукка “ойноп” жаткан кези. Жылас алгырдыкы, чындыкты убагында айтса жарашмак. “Күйгөн катын кошокчу” демекчи, түштөн кийин ыйлагандын эмне кереги бар? Башынан саясатка аралашпай, бизнеси менен гана алектенгенде, салыкты жашырбай төлөгөндө, бүгүнкүдөй кыйроого келмек эмес да. Жада калса, жакындары, үй-бүлөсү, аялы да таштап кеткенин өзү жазып чыкты...

     Анан калса, ар кимге сөйкөнүп атат. Эки ортодон Райымбек Матраимовго да тийишип өтүптүр. Кезинде Шаки бүжүрөп эле жүрбөдү беле? Түштөн кийин эки жүздүүлүк кылганы акылга сыйбас! 

     Натыйжада, Райымбек Матраимовдун жайына келсек, ал кандай гана сыноолорду баштан кечирбесин, адамдык сапатын жоготпой, сабырдуулук кылып келатат. Оомал-төкмөл дүйнөнүн жакшылык-жамандыгын да көтөрдү, эки сүйлөгөн жок, арызданбады, баарын Кудайга коюп койду. Өткөн күндөрүнөн сабак алып, келечекке дүрбү салып, өзүн бийик кармай алды. Аныгында, Райымбек Матраимов чыныгы мырзалык мүнөзү менен башкалардан өзгөчөлөнүп, үлгү жаратууда...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер