Сабыр Муканбетов: “Гүлзаттан мурда Өзбек ажыны камаш керек болчу”
-- Сабыке, динчилдердин айынан коом чыңалып, бул жагы коркунуч жараткандай. Радикалдуусу Өзбек ажы экен, не дейсиң?
-- Өзбек ажы Чотонов, сенин айтышыңдан ажырым чоңоюп баратканын түшүнгөн жериң жокпу? Биз айтыштын маани-маңызын эмес, кесепети тууралуу айтып атабыз. Токтоткула бири-бириңди боктогонду! Кечиришип, элдешип, тынчыгыла! Айтышпагыла, хватит!
Религиялык көз караштардын тикелей тиешеси менен калыптанган түрдүү көз караштардын ортосуна чагым салуу, айырмачылыктардын, бирин көкөлөтө мактоо, бирин таман астына салып тепсөө аркылуу жиктөө, ажырымды кеңейтүү, жек көрүүчүлүктү күчөтүү, козутуу, кайраштыруу кылмыш кодекси менен тескелет. Негизи Гүлзаттан мурда Өзбек ажыны камаш керек болчу.
Элге тынчтык, өнүгүү керек. Бири-бирибизди жамандоону токтотуп, ар адамдын ишенимин сыйлоого, жаңы түшүнүктөргө өтүүгө мезгил келди.
Тыйылгыла. Же камаласыңар!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити