Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Маселени кармашуу жолу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечели”

Турсунбек Акун: “Маселени кармашуу жолу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечели”

28-апрель, 21:04
737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, жаңылбасам 30-мартта “Убакыт келди” деген темада улуттук форум өткөрдүңөр эле. Анда кандай жыйынтыкка келдиңер? 27-апрелдеги улуттук жыйын мурункунун уландысыбы?

-- 2023-жылдын 30-мартында “Убакыт келди” деген темада улуттук форум өткөрүп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн бери келе жаткан саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, саясат талдоочуларды, укук коргоочуларды чакырганбыз. Тагыраагы, жыйынга мен патриотмун деген инсандар келген. Акүйдөн да, Көкүйдөн да бийлик өкүлдөрүн чакырганбыз. Бирок, тилекке каршы, өкүлдөрүн да жөнөтүп коюшкан жок.

Жыйындын негизги максаты: эгемендик алгандан бери үч жолу революция болду. Президенттердин бири Беларуста, бири Россияда баш калкалап калды. Бири түрмөгө камалды. Качанга чейин эле кыргызстандыктар бири-бири менен кармашып, куушуп эле жүрө берет? 30 жылдан бери буркан-шаркан түшүп кайнап, тирешип жүрүп эмне болдук? Тирештин кесепети мамлекетке, элге тийип жаткан жокпу? Экономикабыз оор абалга кептелип, карызга белчебизден батканыбыздын себеби да ынтымактын жоктугунан эмеспи? Бири-бирин аңдып, каршылашып жүрүп 5-6 жыл согуш болгон Тажикстандан дагы эки эсе төмөн болуп калган жокпузбу? Мына ушул маселелердин тегерегинде акыл токтотуп, кеңешели, араздашууну, касташууну токтотконго убакыт келди деген ойдо форумдун атын “Убакыт келди” деп атаганбыз. Антпесек, касташуунун, кармашуунун кесепетин эл тартып, улуттар аралык жаңжал дагы уюштуруп жиберишти. Ошондой эле биз ич ара ынтымакка келе албай жатканда Тажикстан баштаган тышкы душмандар эки жолу басып кирип, канчалаган адамдарыбыздан айрылдык. Дагы бир тобу майып болуп калды. Жерибиз четинен кетип жатат. Акырын жылма экспансия уланып, Кыргызстан менен чектеш мамлекеттер акырындык менен кирип келе жатышат. Ушунун баары өлкөбүздө ынтымак жоктон болуп жатат. Биригүүгө, консолидацияга, диалогго убакыт келди. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп кыргыз баардык маселени кеңешкен. 

Биз дагы тиреше бербей ата салтын улап, бир үстөлгө отуруп, “Өзгөрүүгө убакыт келди” деп дагы бир чоң жыйын куралы деп турабыз. Тилекке каршы, мындай форумдарды президент, премьер баштаган мамлекеттик чиновниктер, журт башчылар өткөрсө болмок. Илгери мындай жыйындарды Ормон хан, Балбай, Тилекмат аке, Боронбай бийлер өткөргөн. “Азыр дүйнө буркан-шаркан болуп өзгөрүп жатат. Мына ушул маселеде Кыргызстандын орду, келечеги кандай болот? Кыргыз улуту улут катары сакталып кала алабызбы? Улуттар аралык жаңжалга мындан ары жол бербейбизби, же он жыл сайын эле кырылышып турабызбы?” деген теманы талкуулайбыз. Бу сапар да бийлик өкүлдөрү чакырылды. 27-апрелде өтчү жыйынга Бишкектен эле эмес. Кыргызстан боюнча бүт өкүлдөрдү чакырып жатабыз. Анткени, 25-майда диалог жана консолидация курултайын өткөрөлү деген максатыбыз бар. Бул жыйында курултайдын төрагасы, уюштуруучу комитети шайланат.

Баса, “Өзгөрүүгө убакыт келди” деген жыйында адам укугунун абалы да талкууланат. Анткени, Кемпир-Абад боюнча камалган адамдар тууралуу да сөз болот. Башаламандык жана мамлекеттик төңкөрүшкө чакырык деген берененин алкагында 20 адам түрмөдөн чыкпай отурат. Ошол эле беренелер менен камалган 7 кишинин баш коргоо чарасы өзгөрдү, калганы камакта калды. Бул маселеде тандап мамиле кылган болбойт. Баары үй камагына чыгып, акырындык менен акталышы керек деген ойдобуз.

-- 30-марттагы жыйындын резолюциясын Акүйгө тапшырдыңарбы? Бийликти кабардар кылдыңарбы?

-- Ооба, тапшырдык. 30-марттагы жыйында 5 пункттан турган чечим кабыл алып, ушул жыйындын беш мүчөсүн президент кабыл алсын. Андан тышкары, Бекболот Талгарбеков башында турган аксакалдарды мамлекеттик катчы кабыл алсын деп чечим чыгарганбыз. Азыр ошонун үстүндө иштөөдөбүз. Биз форум аркылуу көчөгө чыгып, митинг кылбай, бийлик менен элдин ортосунда аянтча түзүп берели деп жатабыз. Кыскасы, маселени кармашуу жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечиш керек.

-Баса, акыйкатчыны кызматтан алуу аракети башталды. Таңгалычтуусу, акыйкатчыга коллективи дагы каршы чыгып жатат. Сиз бул тармакта иштедиңиз эле. Атыр Абдрахматова эмнеге мындай жагдайга кептелди?

-Акыйкатчы деген бир адамдын көз карандысыз институту. Ал парламентке да, өкмөткө да баш ийбейт. Кызматкерлери да, мамлекет да, Жогорку Кеңеш да ошол адамга адам укугун, эркиндигин коргоого шарт түзүп бериши керек. Болгону, жылына парламентте бир жолу доклад окуйт. Анткени, дүйнө жүзүндө акыйкатчы институтунун табияты ушундай. Депутаттар ошол докладды көңүлгө гана түйүп, адам укугу канчалык деңгээлде корголуп жатканы боюнча тийешелүү маалымат алышат. Мамлекеттик органдар болсо ал докладдан кийин катачылыктарын оңдошу керек. 7-статьяда акыйкатчы парламентке жылына доклад окуйт. Депутаттар канааттандырарлык десе, доклад кабыл алынат. Эгер канааттандырарлык эмес десе акыйкатчы кызматтан кетет деген жери бар. Ушул статья көптөгөн акыйкатчылардын баштарын жеп келатат. Мына ушул статья менен мени, Бакыт Аманбаевди, Кубат Оторбаевди кетирди. Азыр Атыр Абдрахматованы кетиргени жатышат. Өкүнүчтүүсү, парламент акыйкатчыны кетире турган орган болуп алды. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова колдон келген бардык аракетин жасоодо. Негизи акыйкатчыда көп деле укук жок. Анын эң негизги милдети коңгуроону убагында кагып турушу керек. Камап кетти, сабап кетти, сот, прокуратура, ИИМ мыйзамды бузуп жатат деп айтып, мамлекеттик органдарды кабардар кылышы керек. Анан көңүл буруу актысы деген бар, ошону гана кылат. Акыйкатчы бирөөнү кызматтан кетире албайт, мамлекеттик органдарга сөгүш бере албайт. Ушундай укугу чектелген акыйкатчынын кызматтан кетирүүнүн зарылчылыгы барбы?

Негизи парламент, өкмөт, сот, башкы прокуратура чечим кабыл ала турган, ал эми акыйкатчы сунуш бере турган орган. Парламент чечим кабыл ала турган орган болуп туруп, чечим кабыл алалбаган органды кызматтан кетирип жатканы туура эмес. Атыр Абдрахматова мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче иштеп, Кемпир-Абад боюнча кайрылууларды берип, түрмөгө чейин барып, адам укугу тебеленген фактыларды чыгарып жатты. Жаш жеткинчектер зомбулукка кабылган жагдайларда да катуу турду. Сот, ИИМдин туура эмес жактарын айтып жатты. Мына ушул жагынан жакпай калды. Көрсө, азыркы парламентке иштеген акыйкатчынын кереги жок экен. 

Депутаттар “кол алдында иштеген кызматкерлериң каршы чыгып жатат. Эмнеге аларды кызматтан кетирип жатасың? Эмне алар менен чабышып жатасың?” дешти. Чынында ал акыйкатчынын күнөөсү эмес. Акыйкатчы институтунда чоң акырдан жем жеп, айлык алып, акыйкатчыны шантаж кылып көнүп калгандар бар. Алар бирдеме болсо, Жогорку Кеңешке кайрылат. Депутаттар аларды курал катары пайдаланат. Жаман жери – шантаж кылып көнүп калган кызматкерлер акыйкатчынын кызматтан кетишине шарт түзүп жатышат. Мен алардын көбүн кызматка алгам. Арасында мага баш-оту менен кызмат кылгандар да жүрөт. Бирок, алардын баары адам укугун коргобой эле арызданган жактан биринчи орунга чыгып алышкан. Атыр ошолор менен кармашып жатат. Өкүнүчтүүсү, парламенттегилер өз коллективиңдин укугун коргой албасаң, башкалардын укугун кантип коргойсуң?” деген жүйөнү келтиришүүдө. Эми Атырды эмес, ага каршы чыгып, арыздангандардын баарын кызматтан кетириш керек.

Парламент дагы саясат менен алек болуп, өздөрүнө тийешелүү маселелерди чечпей, элдин нааразычылыгын күчөтүп жатышат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер