Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Владимир Зеленский: "Мен Киевдемин, согушта жеңишке жетишүү үчүн аракет кылып жатабыз!"

Владимир Зеленский: "Мен Киевдемин, согушта жеңишке жетишүү үчүн аракет кылып жатабыз!"

08-март, 12:25
2 867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-март күнү кечинде өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады. Ал өзүнүн берген маалыматына караганда, азыр Киев шаарында.

"Бул кечки Киев, биздин кеңсе. Дүйшөмбүнүн кечи. Бүгүн биздин күрөштүн 12-күнү. Мен Киевдемин, баарыбыз бул согушта жеңишке жетишүү үчүн аракет кылып жатабыз!" деди Украинанын президенти.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинанын лидерине 3 жолу өмүрүнө кол салуу болгону айтылып, ал шашылыш түрдө Польшага эвакуацияланганы маалымдалган. Ал эми коомчулукта ага карата "Өлкөсүн таштап чыгып кетти" деген ар кандай сын пикирлер айтылган болчу.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер