Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 22 жаштагы кыз коронавирус менен кантип күрөшкөнүн жазып чыкты

22 жаштагы кыз коронавирус менен кантип күрөшкөнүн жазып чыкты

01-апрель, 13:57
779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

22 жаштагы кыз Европага барып келгенден кийин өзүн начар сезе баштаган. Аягында баспай калып, дарыгерлерге өзү кайрылган.

АКШнын Висконсин штатынын жашоочусу Эми Ширсель коронавирус жуктуруп алгандан кийинки тарткан азабын Twitter баракчасына баяндап жазган. Бул тууралуу “Спутник” жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, 22 жаштагы Эми Ширсель Европага барып келгенден өзүн начар сезе баштаган.

"Алгачкы күндөрү оорунун белгилери жеңил эле болуп жаткан. Дене табым көтөрүлүп, кичинеден жөтөлүп баштадым. Андан кийин чыйрыгып, башым ооруп, мурдум токтобой калды”, - деп жазган ал 28-мартта.

Андан кийин тамакка табити жоголуп, уйкусу качканын айтты.

"Төртүнчү күнү коронавируска тест тапшырсам, оң жыйынтык чыкты. Ошондон баштап жүрөгүм айланып, дем жетпей, дене табым 39 градуска чейин көтөрүлүп кетти", - деген ал.

Бир суткадан кийин вирусту илештирип алган кыз баса албай калып, дарыгерлерди чакыртып, алар Ширселди ооруканага жаткырган. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер