“Ташкул агабыз Ислам Каримовдун 60 жылдыгында жыкжыйма элди “дуу” кылган”

9-май күнү кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, коомдук ишмер, залкар жаратман Ташкул Керексизов агабызды жерге бердик. Акка моюн сунду. Ченебеген адам эле. Тажиясында кылкылдап эл батпай турду. Далайынын ичинен кан өттү, кабыргалары кайышты. Жүз жылда бир келе турган адам эле. Биздин гезит Ташкул акенин жакындарына, ага-тууган, жек-жаат, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:
-- Ташкул байке өзүнчө философиясы бар адам эле. Аны көптөр түшүнчү эмес. Биринчи жолу учурашкан адам Ташкул байкени көрүп, “бул эмне деген адам, кызыктай киши экен” деген ойдо калчу. Бул адамды түшүнүш үчүн жанында бир же эки күн эмес, мага окшоп айлап, жылдап жүрүш керек. Көп кырдуу талант эле. Акыркы жолугуп баарлашканыбызда квантовый физикага кирип кеткенине күбө болгом. Бүткүл дүйнөнү дүңгүрөткөн кадимки Альберт Эйнштейндин кээ бир закондоруна каршы чыгып, “Эйнштейн тирүү болгондо анын закондорундагы катачылыктарды өзүнө көргөзүп бермекмин” деп жүрдү. Ааламды ичине батырып алып, андагы жер, суу, таш, түркүн жан-жаныбарлардын, бак-дарактардын тилин билип, алар менен теңата сүйлөшкөн учурларына көп күбө болдум. Буга чейинки ар бир жасаган иштерине атайылап долбоор чийчү эмес. “Анын баары менин башымда” деп койчу. Уникалдуу адам да. Курган, жасаган иштери да уникалдуу. Ташкул байке экөөбүз Бостери айылында салттык музыканттар үчүн бирге амфитеатр курдук. Ошондо бир да прорабсыз, бир да курулуш адиси жок эле өзү жетектеп, чыкыйтып курдуруп койду. Албетте, бу кишинин ишин улантуучулар табылаттыр. Мүмкүн Ташкул Керексизов атындагы коомдук фонд ачылып, Ташкул байкенин бүтпөй кеткен уникалдуу иштери ошо фонддун жардамы менен бүтүп калаттыр. Бирок, өзүндөй болбостур... Аттиң, шум ажал арабыздан дүйнөдө жок бир адамды алып кетти... Артын берсин!
Камила Талиева, коомдук ишмер:
-- Ташкул Керексизов байкени билбеген бир да кыргыз жок болсо керек. Өзгөчө жаралган феномен инсан эле. Касиети, улуктугу жагынан алдына эч кимди салбады. Ысык-Көлдүн жети акесине тең болчу сегизинчи акеси эле. Кыргыз эли “аке” деген наамды жөн адамдарга ыйгарбаган. “Ташкул байке болсо бүгүнкү күндүн акеси” десем жаңылбайм. Кыргыздын рухий дүйнөсүнө, асыл дөөлөтүнө чоң из салып кетти. Көзү өткөнүн угуп, кабыргам сөгүлдү. Азыркыга чейин ишенбей турам. А киши менен көп ирет жолуккан жайым бар. Адамзат аңдабаган ойлору, эмне деген идея-пландары бар эле! Ошолордун баарын айтып отуруп, “ушуларды жүзөгө ашырууга өмүрүм жетер бекен?” деп айтканы эсимде. Ал эми тирүүсүндө жасап кеткен рухий дөөлөттөрү кыргыз элине таберик белек бойдон калды. Чанда жаралган инсан экени талашсыз. Өңгөнү коюп эле “Рух ордону” айталы, эмне деген керемет жер, эмне деген дүйнө! Кыргызстанга чет өлкөдөн келген сыйлуу конокторубуз тамшанып, рухий азык алып, ошол жерге зыярат кылып кетишет. Ал эле эмес өзүбүз да жандүйнөбүз жабыркап турган кезде “Рух ордого” барып эс алып, жаңы энергия менен келчүбүз. “Кытайдан инвестиция тартып келип, “Аалам ордону” кайрадан сонун кылып жасайм” деген эле. Ал иши аткарылбай калганы ичимди ачыштырат. Ким эми Ташкул байкенин кыялындагыдай кылып жасайт? Бейишин берсин!
Миталип Мамытов, Кыргыз Эл Баатыры:
-- Ташкул Керексизов өзгөчө адам болчу. Кыргыз элине ат көтөргүс иштерди кылып кетти. Көзгө көрүнүктүү, сүйкүмдүү, көңүл көтөргөн Чолпон-Ата шаарында “Рух ордону” жасалгалап койбодубу! Мындай ишти жасаган адамдар чанда чыгат. Кыялы, ой чабыты бир башкача жан болчу. Шаардын четиндеги Чоң-Арык айылындагы үйүндө далай жолу болуп, бирге даам сызып отурганда, алдыда кыла турган далай-далай иштерине ортоктош болгом. Идеясы оргуп-ташып, улам бир жаңылык айтып отурса, жомок дүйнөгө сүңгүп кирип кетчүмүн. Чолпон-Атадагы “Рух ордодон” тышкары, көлдүн аркы өйүзүндөгү “Аалам ордосу” бүтүп калганда, нечендеген чет элдик туристтер келип суктанып турмак. Ал жер дүйнөдөгү экологиялык жактан эч бир теңдешсиз жай болмок. Арманда кетти... “Жасайм, жасайм” деп жүрүп, кыялындагы иш жүзөгө ашпай калды. Бүткүл дүйнөлүк апаат жанын алып тынды. Кантели, ажал улук. Жайы жаннатта болуусун тилейли. Бейиштен орун алсын!
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:
Менин жеке баамымда, бүгүн Ташкул Жанузак уулу деген бир эле адамды жоготуп жаткан жокпуз, түшүнгөн адамга биз бүгүн “ТАШКУЛ” деген бир өзгөчө ааламды жоготуп жатабыз. Тилекке каршы, “Ташкул ааламынын” көп сыры купуя бойдон кетти. Биз үчүн ачылбай калды. Ташкул авам кыргыз эли дүйнөгө өзүнүн улуу руху менен, көөнөрбөс руханий казынасы менен, өзүнүн улуттук нарк-насили менен таанылса, башка элдердин арасында өз ордун тапса (!) деп кыялданды. Кыргыз элин дүйнөгө ачып берүүгө, таанытууга далалат кылды. Ташкул авам “Манас” эпосу, кыргыздын үч кыл комузу, кыргыздын бозүйү, кыргыз шырдагы кыргыз рухунун өзөгү боло турганын баамдай алды, аларды дүйнөгө даңазалоонун аракетин кылды, манасчылардын алпы болгон Саякбайды туу тутту, анын бирдиктүү образын жаратты. Ташкул авам элибиздин сыймыгы болуп калган “Рух ордону” жаратты. Эл аралык мааниге ээ боло турган “Аалам ордо” долбоорун курууну баштап, акыркы жылдары Талды-Суу өрөөнүндө “Шамбала” долбоорун даярдап, ал жерде курулуш иштерин баштады.
Мындан 7 жыл мурда Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун 60 жылдык мааракесине катышууга Кытайга барып калдык. Ошол мааракеде Артуш шаарынын борборуна Ташкул авам курган уникалдуу комплекстин салтанаттуу ачылышы болду, авам өзү ачылыш аземинин башында турду. Кадимки кыргыз бозүйүнүн формасында заманбап этномузей жаратыптыр. Ошондо барган делегация мүчөлөрү: “Ташкул авабыз Артуш шаарынын чок ортосуна кыргыздын эн тамгасын бажырайта басыптыр” деп сыймыктанып кайтканбыз.
Ташкул авамдын баштаган иштери жерде калбайт, алар уланат, өтөөсүнө чыгарына терең ишенем... Элибиздин уучу куру эмес, жигердүү жаштар өсүп келе жатат.
Айла жок. Шум ажал колубуздан күтүүсүздөн жулуп кетти. Кош бол Ташкул ава, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:
-- Ташкул Керексизов өзгөчө жандүйнөсү бар инсан болчу. Анүстүнө Ташкул агайдын ушунчалык көп, түгөнбөс, кыргыздын баалуулуктарын ача турган ойлору, идеялары, ошону менен бирге өзгөчө ой жүгүртүүсү бар эле. Эгерде адам баласынын жандүйнөсүн тирүү мезгилинде ача албасаң, көзү өтүп кеткенден кийин, бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин ачуу кыйын. Бирок, анын жасап кеткен эмгектеринен улам адамдын кулк мүнөзүн ачса болот. Бул адамдын бизге калтырган рухий мурастарын, маданий байлыктарын карап отуруп, кандай гана бийик адамдан айрылганыбызды сезсек керек. Ар бир жасаган ишинде кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын, нарк-насилин, улуттун уңгусун, улуу журттун уюткусун, баалуулуктарын тереңден камтыганы көрүнүп турар эле. Ошондуктан Ташкул агайдын жандүйнөсүн ачканга аракет кылыш керек. Анткени, жаш муундарга чоң үлгү, сабак болоруна ишенем.
Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:
-- Ташкул байке менен президенттик аппаратта чогуу иштештик. Ал иш башкармалыгында, мен пресс-службада элем. Чыгармачылыкты азыркы тил менен айтканда, креативдүү ойлонгон жан болчу. Бир окуя эске түшөт. Өзбек элинин мурунку президенти Ислам Каримовдун 60 жылдыгы болуп калды. Орто Азиянын президенттери чогулду. Ошол жыл барс (илбирс) жылы экен. Тажик президенти Каримовдун алтындан куюлган бир карыш бюстун, түркмөн менен казак президенттери сүрөтү түшүрүлгөн килем апкелишиптир. Назарбаев тамадалык милдетти аткарып аткан. Залга чогулган жыкжыйма эл: “Кыргыздар эмне белек берет болду экен. Кантсе да кичинекей өлкө да” дешип, дем чыгарбай күтүп калышты. Ташкул агабыз атайын Уссурийскиден илбирстин баласын карматып апкелсе болобу! Укмуш идея. Биздин президент ошол илбирстин баласын алып чыкканда, эл “дуу” боло түштү. Баары жарылды, алтын да, килемдер да маанилүү болбой, элдин баарын тирүүлөй илбирстин баласы көңүл бурдурду. Ал да жөн турбай ырылдап коёт. Мына ушундай оригиналдуу идея менен жүргөн адам эле. Эрте өтүп кеткени абдан өкүнүчтүү! Үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити