Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек Атазов: “Мандатым алынып, Зулушевдин мыйзамсыз аракети ишке ашты”

Шайлообек Атазов: “Мандатым алынып, Зулушевдин мыйзамсыз аракети ишке ашты”

20-март, 19:30
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Түркияга барып, бир саат гана ооруканага жатып, сүрөткө түшүп коюп эле Райым Матраимовго жолуккан” деген кептер желдей тарады. Мунун канчалык чындыгы бар?

-- Акыркы алты айда мага абдан көп саясый кысымдар болду. Көп учурда сурактарга түнкүсүн чакырып жатышты. Кээ бирлерин интернеттен да чыгарды. Мен сурактарга барганымды эч кимге айтпадым. Алты ай текшерип, эч бир кылмыш табышкан жок. Бирок билинбей жүрөккө оор жаракат алдым. Тааныштарымды бир ай камап, кыздарын чыркыратып ыйлатышты. Мага көрсөтмө бер деп кыйнашты. Эми болсо ден соолукту чыңдоо үчүн дарылансам, андан да саясат жасап жатышат. Баарын Кудайга койдум. Өлкөбүздө ушундай ушак тараткан бир саясый чөөлөрдүн тобу пайда болду. Алар өз байлыгын коргоп, чындыкты айткан депутаттардан коркушуп, ак жеримден каралап жатышат.

Райымбек Матраимов менен жолугуптур деген суроого келсек, мен ал кишини муфтияттын жаңы имараты ачылгандан бери көрө элекмин.

-- Айтканыңызга ынаналы, бирок соңку убакта Райымбек Матраимов менен сүйлөшкөн аудио жазууну божомолдоп жатышат го? Же чыгарышпайт...

-- Кайсы сүйлөшүүнү айтып жатышканын билбейм. Негизи алты айдан бери “ар түрдүү нерсе бар” деп коркутуп келатышат.

-- “Мелис Мырзакматов менен Оштогу стадионду сатып жиберген деп чыгыштыКыргыздын желегин желбиреткен, намыстуу жигит алып-сатууларга аралашканбы же мунун баары жалганбы?

-- “Оштогу стадионду сатып жиберди деген жалган. 2009-жылы мага 84 метр жерди дүйнө чемпиону болгонум үчүн белекке беришкен эле. Мамлекетке рахмат!” деп шерденип, сүйүнүп жүргөм. Себеби, ал жерди шаардык кеңештин депутаттары, шаар мэри жалпы жыйында талкуулап анан беришкен. Кийин ал жерден жол өтөрүн айтышып, 2015-жылы кайра мамлекетке алышып, башка жерден берүүнү убадалашкан. Ошол бойдон жер берилген жок. Чынында ал жерге мен эч нерсе кылбадым, ошол эле бойдон жатат. 15 жыл өткөндө таап чыккан жаңылык ошол экен. Бул иш кимдин буйругу менен жасалып жатканын да билем. Абийирлерине койдум. Мен эки жолу шаардык кеңешке депутат болдум. Бирок, бир гектар жер алып же саткан эмес. Кудайга шүгүр, тазамын!

-- Анда эмнеге сизге белекке берилген жер сатылып кеткендей сүрөттөлүп жатат?

-- Ал 1 гектар жерди мурунку мэрлер саткан экен. Жакында алар ресторан, кафе салып алгандарды бузушуптур. Ошолорду айтканча, мага белекке берилген жерди да айтып, мени кошо жаман көрсөтүүнүн айласын кылып жатышат. 

-- Мандатыңыз сиздин катышууңуз жок эле алынып салынды. Буга кандай комментарий бересиз?

-Мандатым менин катышуум жок, саясый заказ менен алынды. Муну менен башкы прокурор Зулушевдин эки жылдан берки мыйзамсыз аракети ишке ашты. Ал мага Төлөйкөндөн депутаттыкка койгондо да бут тосуп, өткөргөн эмес. Мандат – бул элдин аманаты болчу! Эми кыямат күнү эл аманатын Зулушевден сурашат. Курманкулга да Кудай бар деп жүрүшөт көп адамдар! Мен элдин уулумун, эл арасында жүрө берем. Мандат – бул элдин мага болгон сый-урматы. 

-- Сизди каралар менен да байланышы бар деген дооматтар коюлуп жатат го?

-Эч кандай байланышым жок. Себеби, мен таза спортчу катары өмүр сүрүп жатам

-- Баса, Райымбек Матраимов сиз аркылуу каражат бердирип, кемпирабадчылардын жакындары жер-жерлерде митинг уюштурдубу? Желдей тараган бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? 

-- “Матраимов митинг уюштуртуп жатат дегенге менде эч кандай аргумент жок. Башкы прокурор Кемпир-Абад ишинде алар кандай кылмыш кылганын далилдеп берсе жакшы болмок. Эки жылдан бери ачык сот болбой жатат деп туугандары сагынып, митингге өз демилгелери менен чыкканын айтышты го интернетте. Ушундай болбосу үчүн бир ай мурун Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып, Кемпир-Абад боюнча отургандардын ишин сот ачык карап, комиссия баа берип койсун деп сүйлөгөнүмдө баары мени жаман көрүштү эле гопрезидентке, Ташиевге жамандашып. Алардын иши митингдер менен коштолбосун үчүн ал маселе парламентте талкууланып, тийешелүү органдар баа берип турушу керек болчу. Ошондо президентке сөз тиймек эмес. Бул жерде прокуратура жана сот органдары кесипкөйлүк менен иштеши керек, “митингге чыккандарды ал каржылап жатат, бул демитип баштаптыр” дебей. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер