Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирбек Атабековдун үйүн тоноого айыпталган баланын апасы Президентке кайрылды

Мирбек Атабековдун үйүн тоноого айыпталган баланын апасы Президентке кайрылды

09-октябрь, 13:00
1 706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

               

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деп күнөөлөнгөн баланын апасы Сооронбай Жээнбековго ишти өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен кайрылды.


Эске салсак, 6-майда Октябрь райондук ИИБге саат 01:45тер чамасында жеке үйгө беткапчан жана  колкапчан кирген белгисиздерге чара көрүү арызы менен А.Д. кайрылган.  Күч колдонуу менен уруулар 60 миң доллар жана 15 миң сом жана алтын-күмүш жасалгаларын алып кеткен. Убакыт өткөндөн кийин, жабырлануучу белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасы экендиги белгилүү болгон. 


Сентябрдын башында шаардык ИИБ, Караколдогу кафеден жабырлануучу кармалганын билдирген. Mitsubishi Carisma маркасындагы унаасынын салонунан далил заттар табылгандыгы кабарланган.


Учурда айыпталуучу Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиеванын айтымында, анын баласына Октябрь РИИБнин кызматкерлери ишти жабуу үчүн “подстава” кылышкан. Аны менен бирге ал кыйноо жолу менен баласынын мойнуна алдырганын билдирүүдө.


Анын айтымында, аны уулу кармалгандан кийин жактоочу келгиче баласын аябай токмоктоп кыйнашкан. “Балам жактоочуга кетпешин сурап жалыныптыр.  Менин баламды кармаган себеби, камерага түшкөн ууруларга дене-түзүлүшү окшош имиш. Ак кросовкачан Атабековдун үйүнүн жанында ошол убактарда мен болчумун дедиртип, кыйнап көрсөтмө алышкан. Балам эч качан ак кросовка кийген эмес. Ал күнү ал досунун тоюнда болгон” – деп айтты ал.

М.Бейшековдун апасы далилдүү сүрөттөрдү жана  видеолорду көргөзгөн. 

Аryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер