Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Дизелге, бензинге болгон суроо-талап өсүп, баа дагы жогорулайт”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Дизелге, бензинге болгон суроо-талап өсүп, баа дагы жогорулайт”

30-май, 19:30
2 485 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда жаз жарыш убагы болуп, алыскы айылдарда талаа иштери кызуу жүрүүдө. Дизель майынын баасы дагы жогорулай турганы айтылууда...

-- Азыр Орто Азия өлкөлөрүндө жана Россияда айыл чарба иштери кызуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу жалпы облус боюнча дизелдик отунга болгон суроо-талап өсөт, баа дагы жогорулайт. Дизель отунунун наркынын өсүшүнүн экинчи фактору болуп Россия Федерациясындагы ири кайра иштетүүчү ишканаларды пландуу оңдоо жана тейлөө саналат. ТЭЦ бир айга иштен чыгарылса, нефтини кайра иштетүүчү заводдор да ошого жараша аксайт. Базарларда дизель майынын сатылышы төмөндөйт. Демек, анын баасынын жогорулашынын эки фактору бар – мезгилдүүлүк жана сунуштун кыскарышы. Өндүрүштө, айыл чарбада пландаштырылган иштер аяктагандан кийин (бир жарым айдан соң) нарктын тескери өзгөрүшү күтүлөт. Бул талаа иштери азайган убактарда байкалат. 

Тактап кетсек, учурда Кыргызстанда бензиндин кымбатташы да байкалууда. Ошого карабастан, эксперттик пикир кырдаалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө деле ээ эмес. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер