Акыркы кабарлар
» Саясат » Кендирбаеванын “капризи” үчүн министрликти экиге бөлүү акылга сыйбайт да
Кендирбаеванын “капризи” үчүн министрликти экиге бөлүү акылга сыйбайт да
09-апрель, 20:45
795 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев КР УИАда жолугушууда билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүп, бири мектептер министрлиги болсо, экинчиси ЖОЖдор жана илим жагын карайт (!) деп маалымат таратты. Бир жагынан акчаны үнөмдөө максатында аймактык-административдик реформа жүргүзүлүп, айыл өкмөттөрү кыскартылып жатса, жакшынакай иштеп жаткан министрликти экиге бөлөбүз дегени эмнеси? Бул албетте, кызмат орундарды көбөйтүү, бюджеттен акчаны ашыкча коротуу дегенди билдирет. Министр Догдуркүл Кендирбаева келгенден бери 12 жылдык билим берүү тууралуу айтып келатат, ал эми илим, университеттер тууралуу ооз ача элек. Анын бул маселелерге тиши өтпөй, министрликти ошондон улам бөлүү идеясы пайда болсо, анда туура эмес, анткени, жалпы билим берүү жана илим системасын түшүнбөгөн министр ишти алып кете албайт. Бул системага мектепти, ЖОЖду да, илимди дагы билген кадр керек экен. Анан Д.Кендирбаеванын капризи үчүн бир министрликти экиге бөлүү ашыкча чыгымдан башка жакшылыкка алып келбейт. Өзү толук кандуу илимди түшүнбөсө, ар бир тармак боюнча иштеген төрт орун басары эмне кылып отурат? Ал эми жети башкармалык, тогуз бөлүм, үч сектор жана он төрт билим берүү мекемеси турганда, жаңы министрликти ачуунун кандай зарылчылыгы бар? Деги кайсы жериңер менен ойлоносуңар? Кыскасы, Шакиев баш болуп, билим, илимди түшүнбөгөндөр улам бир экспериментти жасоо менен жардан алыс учуп кетишпейби? Көрө жаталык.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити