Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Самаев: “Өмүрбек Текебаев менен жолукканда жылуу учурашам”

Урмат Самаев: “Өмүрбек Текебаев менен жолукканда жылуу учурашам”

10-декабрь, 09:30
1 773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Урмат мырза, “Клара Сооронкулова калп айтып атат, мен аны сотко берем” дептирсиң, ушу боюнча өз оозуңдан уксак дедим эле?

-- Клара Сооронкулова Токмок шаардык кеңешиндеги депутаттарды айтып, кылдан кыйкым издеп атпайбы. Чырлашканды каалап атабы? “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, сотко берүү боюнча ойлонуп көрөм. Аял кишиге теңелгим деле келбейт...

-- Өмүрбек Текебаевге кол көтөргөн балдар баары бир сага жакындыгы бар экени айтылууда...

-- Менин үйүмдө өзүмдүн төрт эле балам бар. Эки кыз, эки эркек (күлүп)... А берки окуя боюнча токмоктуктар экен, алар барып кечирим сурагандарын мен да көрдүм. Айрымдары депутаттар болуп чыгышты. Алар менен жолугуп сүйлөшсөм, негизи бир жерге барып митинг кылып же бирөөнү сабайлы (!) дегенден алыс болушуптур. Тескерисинче, митингге чыккандарды ынтымакка чакыруу максаттарын көздөп жүрүшкөнүн айтышты. Ал ортодо экинчи-үчүнчү күчтөр да “ойноп” кетишти окшойт. 

-- А негизи Өмүрбек Текебаев жөнүндө кандай ойдосуң?

-- Менин Өмүрбек Чиркешович менен эч кандай жакын мамилем жок. Жолукканда жылуу учурашабыз. Бир да жолу кайым айтышып, бир нерсени талашып-тартышкан эмеспиз. Ортобузда чыр-чатак жок. Болгону токмоктук балдардын аралашып калганын, анан мага жабыштырып салышканы мени да ойго салып койду.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер