Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 80 миңдей баланын ата-энеси миграцияда жүрөт

80 миңдей баланын ата-энеси миграцияда жүрөт

26-июль, 11:15
338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери Кыргызстандын сыртында жүргөн эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында 476 миң 681 үйдү кыдырышкан.

Анын жыйынтыгында 100 миң 174 бала мигранттардын балдары экени аныкталды. Анын ичинен 79 миң 805и чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын балдары.

Мындай маалыматты 25-июлда өткөн маалымат жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

2021-жылы министрлик чет жактардан Кыргызстанга 105 баланы алып келген. Анын ичинде 79 бала Ирактын түрмөлөрүнөн энелери менен кошо алынып келинип, туугандарына берилди.

Министрдин айтымында, балдар үчүн 111 ишеним телефону иштеп жатат. Быйыл алты айда ишеним телефонуна 45 миңден ашык кайрылуу түшкөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер