Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1 Аширбай Жусупов: “Кыргыз тилин колдонуу баардык чөйрөдө күчөтүлөт”

«Биримдик» №1 Аширбай Жусупов: “Кыргыз тилин колдонуу баардык чөйрөдө күчөтүлөт”

23-сентябрь, 14:22
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунун Лейлек районунан чыккан талапкерлердин үгүт иш-чаралары уланууда. Бүгүн “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Аширбай Жусупов Исфана шаарынын тургундары менен жолугушту. Ал жергиликтүү туругундарды кыргыз тили майрамы менен куттуктап, “эне тили – ата-бабалардын ыйык мурасы жана аны сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү биздин милдетибизге кирет. Бул максатта кыргыз тилин окуп үйрөнүү иши мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө күчөтүлмөкчү” деди.

Аширбай Жусуповдун айтымында, “Биримдик” партиясынын программасында интернационализмге, ар кайсы этностордун ортосундагы улуттар аралык гармонияга негизделген принциптер бар. “Бул мамлекеттик жана расмий макамы Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген кыргыз жана орус тилдеринин коомдо эркин колдонулушун да камсыздайт. Өзгөчө Исфана, Лейлек жергеси көп улуттан турат. Биз көп улуттардын биримдигин сактайбыз. Ошондуктан биздин эл арасындагы достугубуз, бири-бирибизге болгон боордоштугубуз дагы күчөтүлөт. Лейлекте өзбек, тажик мектептери бар. Бул жерде дагы кыргыз элинин маданиятын чогуу өркүндөтүп келе жатабыз. “Биримдик” партиясындагы эң негизги платформалардын бири – элдердин ынтмагын жана келечегин чогуу өркүндөтүү” дейт ал.

Ошондой эле А.Жусупов партиянын негизги идеясы Кыргызстандагы улуттардын биримдигин жана ынтымагын камсыз кылуу экенин, саясый уюм ошону бийик тутарын белгиледи. “Бардык улуттардын кызыкчылыктарын бирге коргойбуз. Чек арада ар кандай улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз ошол жерде да ынтымагыбызды көрсөтүп, үлгү болуп келе жатабыз” деди талапкер.  

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер