Ногойбаевдин жетекчилиги астында милициянын “кыңыр иштери” көбөйүп баратат го?
Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев иштей албай аксаганы тастыкталып, катуу сөгүш алганы, андан соң кызмат ордуна татыксыз катары бааланганы факт. Бул ИИМдин чечими. Борбор калааны артка тартып, бийликтин рейтингин түшүрүүгө жарап жатат. Орун басары Кылыч Жолдошов эч кимди тоготпой, жумушуна кайдыгер болуп, тар чөйрөдө министр Улан Ниязбековго тескери сөз айтып жүргөнү ырасталабы? Бул жагы оңой эле билинсе керек.
Мына ушундай кадрлардын айынан милициянын аброю кетип жатканы талашсыз. Маселен, Биринчи Май РИИБнин эки милиция кызматкери Жал кичирайонунда ичип отурушуп, бирөөсү жаш балдарга тийишип, муштум узатып, акырында таяк жеп калышканы чынбы? Бул боюнча өздүк курам ичинде айтылууда. Анан ГУУРдун оперлери өздөрүн милициядан коргогон, аргасыз мушташкан балдарды тепкилешип, камап салышканы кандай? Акыйкат кайда? ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп, береги таяк жеген милицияларды жазалабайбы? Булардын айынан аргасыз кылмышка кириптер болушкан жарандардын кыйноого кабылышканын кантебиз?
Мындан сырткары, жакында эле Ленин РИИБнин участкалык кызматкери массаждык салонду калкалоо айласын кылып, кармалганы кандай? Тазалыкты, мыйзамдуулукту көрсөтүүнүн ордуна, өздөрү “чалчыкка” батып жатышпайбы! Кыскасы, жосунсуз жоруктарды санай берсек арбын! Бишкек ШИИБ начальнигинен Азамат Ногойбаев кетпесе акыбал чатак боюнча калууда. “Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат” дейт. Андыктан, “илдетти” кесип ыргытуу парз!