Айгүл Айдарова, ЖК депутаты: “Жаңы жылдан кийин 30 үй-бүлө Баткенге көчүп барышат”


-- Айгүл Абдисаламовна, Баткендеги чек ара чатагында жабыркаган кишилердин бир тобу бул жакка көчүп келишти эле. Азыр алардын абалы кандай?
-- Менин эсебим боюнча Бишкек шаарына, Чүй облусуна миңден ашуун киши келген болчу. Алар азыр ар жерде жашап жатышат. Учурунда медреселерде, жатаканаларда, лицейлерде жашашты. Бирок, ал жерлердин баары убактылуу болгондуктан, үч жүздөй адам үйлөрүнө кетишти. Калгандары дале бул жерде. Алардын үйү такыр эле талкаланып, дегеле жашоого жараксыз болуп калган. Азыр мен президентке кайрылып, өкмөттөн суранып, 3-лицейден 28 орун алдым. 28 үй-бүлө ошол жакта жашап жатышат. Өзүм, бир туугандарым жардам берип, ремонт жасаттык.
-- Баткенде курулуштун жүрүшү кандай экен?
-- Алар менен такай байланышып турам. Өзүмдүн байкем куруучу болуп иштейт. “30 үйдү бүтүрдүк. Бышкан кыштан аябай сапаттуу болуп бүттү” деп айтты. Кудай насип кылса, жаңы жылдан кийин дагы 30 үй-бүлө көчүп барышат.
"Азия Ньюс" гезити











