Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам сунушталууда

“ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам сунушталууда

28-сентябрь, 20:08
273 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” (ЖМК) жаңы мыйзам кабыл алуу сунушталууда. 28-сентябрда мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Анда азыркы мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү, санариптеги, анын ичинде интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин, жалпыга маалымдоо каражаттары тармагындагы бизнес жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, эл аралык укуктук жагдайларды эске алуу зарылчылыгынан улам жаңы мыйзам кабыл алынышы керектиги белгиленди.

Долбоордун концепциясында жазылгандай, и нтернет телекоммуникациялык түйүнүнө жалпыга маалымдоо каражаты деген макам ыйгарылып, азыркы мыйзамдын түшүнүк аппараты радикалдуу түрдө кайра каралып чыгууда, ЖМК ээси деген укуктук институт киргизилип жатат.

ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. 2021-жылдын январь айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституция иштеп баштаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер