Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Конституциядан “Ханституцияга” бир кадамбы?

Конституциядан “Ханституцияга” бир кадамбы?

13-март, 19:34
739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жаз алды менен митингге чыгуу өнөкөткө айланып калгандай. Эки күн мурун Акүй алдына элүүгө жакын жөнөкөй адамдар жана коомдук ишмерлер, саясат талдоочулар Башмыйзамдын жаңы рекдакциясына каршы жана “чимкирик” депутаттардын таркашын талап кылып чыгышты. “Ханституция” дешип, “эгер Конституция ушул бойдон референдумга коюлса, анда Кыргызстан алдыга өсмөк тургай, бир адамдын бийлигине айланып, артты көздөй кетебиз!” дегендер болду.

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу: 

-- Садыр Жапаровдун айланасында жүргөн кошоматчылар, жалданма юрист имиштер элге жаңы Конституцияны тартуулагандын ордуна “Ханституцияны” сунуштап атышат. Биз канча жылдан бери эрдемсинип “Орто Азиядагы демаралчабыз,   демократиялык баалуулуктарга, демократиялык принциптерге таянган элбиз” деп келгенбиз. А азыр бул кейпибиз менен эл аралык коомчулукка шерменде болгону турабыз. Бул – биринчиси. Эми экинчиси, 6-чакырылыштын депутаттарынын күнү эбак бүткөн. Булардын парламентте азыркыга чейин отурганга моралдык, материалдык укуктары жок. Биз бүгүн буларга кайрылып, “сиздердин чыгарып аткан мыйзамдар, буйруктар легитимдүү эмес. Сиздер өз алдыңарча тарап кетсеңер абийириңер жабылат” деп атайын Акүйдүн алдына келсек, бирөө да чыгып койгон жок. Буларда бет деле калбай калыптыр! Атамбаев “чимкириктер” деп бекеринен атабаптыр. Акыркы айтарым, “эсиңиз барда этегиңизди жабыңыз, Садыр Нургожоевич!” демекмин.

Исхак Масалиев, коомдук ишмер:

-- Азыр Жогорку Кеңештин курамы толугу менен конституциялык өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. Анан референдум жөнүндө мыйзамды карап жатышат. Бул жерде топтолгон жарандарыбыз ушул кадамдарын “мыйзамсыз” деп таап жатат. Мен ушул пикирге толугу менен кошулам. Жеке пикиримде, азыр жасап жаткан кадамдар, конституциялык реформа кыйшык жол менен кетип баратат. “Эл 10-январда добуш берди” деген жүйө менен шылтоолоп жатышат, бул эч кандай мыйзамга дал келбейт. Себеби, эл добуш берген күндө деле алар мыйзамсыз кабыл алгыла деп айткан жок да! Тескерисинче, мыйзам жолу менен туура кабыл алгыла деп айткан. Ошондуктан ушул жерде жыйналган элдин талабы – бул азыркы Жогорку Кеңештин курамы ишмердүүлүгүн токтотсун, алардыкы 28-октябрда мөөнөтү бүткөн. Демек, кайрадан шайлоо дайындап туруп конституциялык укугун өткөрсө, мен мисалы, контитуциялык реформага каршы деп айта албайм, себеби референдумга 10-январдан кийин баш ийиш керек. Бирок жол-жобосун, мыйзамдуулугун сакташ керек.

Клара Сооронкулова, коомдук ишмер:

-- Чынын айтсам, ушундай башаламан Башмыйзамды көрө элек болчумун. Башмыйзамды чындап эле жаңылаш үчүн биздин өлкө исламдык өлкөгө айлануу же монархиялык өлкөгө айлануу шартында гана жаңы Башмыйзам жазылса жарашмак. Андай болбой эле түп-ордунан бери астын-үстүн болуп, адамдардын укугу корголбой, баары түшүнүксүз болуп калган. Эгерде ушу Конституция кабыл алынып кала турган болсо, постсоветтик өлкөлөрдөгү эң начар, эң сабатсыз жазылган Конституция болот дагы, юрист катары бул Башмыйзамды улуттук шермендечилик деп кабыл алам.

Жеңиш Молдокматов, коомдук ишмер:

-- Жалпы Конституцияга каршы чыгып жатабыз. Азыркы жазылган Башмыйзам өзү мыйзамсыз, сапатсыз жазылды. Ичинде өтө чоң коркунучтар камтылган. Садыр Жапаров сөзүнө турган жок. Элге берген убадаларынын бири да аткарыла элек. Президент Жапаров “экономикалык реформа кылам” дегени менен эч нерсе кыла албайт. “Соттук реформа кылам” деген сөзү жалган болуп чыгарына көзүм жетип турат. Анткени, сотту өзү шайлайт, өзү жумуштан алат. Сот президентке көз каранды. Биз Садыр Жапаровго кайрылып, “сиз Конституцияны шашылыш жазып жатасыз. Азыркы легитимсиз отурган парламенттин колу менен жазбаңыз. Бул болбойт” деп атабыз.  

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизге жеке кайрылуу жасагым келет: сиз шайлоого келатканда “үч айдан кийин реформалардын жыйынтыгын көрөсүңөр” деп сөз бергенсиз. Үч айдан кийин “реформалардын жыйынтыгын беш айдан кийин көрөсүңөр” дедиңиз. Кечээ жакында дагы интервью берип, “реформалардын жыйынтыгы менен маянасын жарым жылдан кийин көрөсүңөр” деп айттыңыз. Бул менин сөзүм эмес, сиздин сөзүңүз. Дебатка чакырып жолуга алган эмесмин. Аргасыздан Акүйдүн алдында журналисттер аркылуу кайрылууга туура келип жатат. Сиздин бийликке келгениңизге толук алты ай өттү. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Эмне реформа болду? Сиз “жаңы кадрлар келет” дедиңиз. Бишкекте бир күндө үч мэрди алмаштырдыңыз. Саясый реформаңыз мыйзамсыз жүрүп жатат. Токтоңуз, кеңешчилерди укпаңыз! Сизди президент деп коёт. Мамлекетти өнүктүрүү жол картасын элге бериңиз. Биз жарым жылдан бери “мамлекет каякка баратат?” деген ой менен жашап калдык. 

Урматтуу Жапаров мырза! Мамлекетти өнүктүрүү боюнча жол картасын бериңиз. Ичинде экономикалык, кадрдык, саясый реформа качан жана кантип кабыл алына турганын бекитип бериңиз. Мына ошондо сизди президент катары тааныйбыз, болбосо сиз биз үчүн президент эмессиз!

Руслан Акматбек, саясат талдоочу:

-- Жаңы Башмыйзамда бийлик бир кишиде болот деп атат, бул андай эмес. Мурун жаманбы-жакшыбы, өкмөт парламентке отчет берчү. Жоопкерчилигин сезчү. Жок дегенде эл эмне болуп атканын түшүнчү. Азыр болсо баары түшүнүксүз. 30 жылдан бери бир да президент “өлкөнү өнүктүрбөйм” деп келген эмес да, баары “мамлекетти алдыга жылдырам” деп келген. Анан бир эле кишинин бийлиги менен бүтүп калып, революция менен аяктап атпайбы. Эми биз бул катаны эмнеге кайра кайталап атабыз? Кайра эле бир кишиге бийликти берип атабыз. Бийликтин табияты – бийликти топтогон бир киши ал эч ким менен бөлүшкүсү келбейт экен. Аны чектеп, көзөмөлдөп, теңсалмактаган институттар керек. А бул Конституция ошондой институттардын көзөмөлдөөсүнө жол бербейт. Анткени сот, өкмөт, парламент “кол бала” болот. Анан ким кимди көзөмөлдөйт?.. 


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер