Камактагы кызматкери Эмил Жакыповго көрсөтмө бердиби? УКМК изге түшкөндө
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын Эмил Жакыпов жетектеп турганда, УКМК тарабынан кол астындагы кызматкери коррупцияга шектелип, камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүнө карай бир топ былык иштер ачыкталчудай. Абакта жаткан кызматкери шефине көрсөтмө бере баштаганы каңкууланууда, эми ачыкталабы? Эске салсак, Эмил Жакыпов мурдагы ээлеген ордунан өткөн айда көтөрүлүп, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына орун басар болуп кеткен. Натыйжада, УКМК из кууп отуруп, коррупциянын анабашчысы катары Эмил Жакыповду кылтакка илеби? ИИМдин орун басары, “крышасы” Октябрь Урмамбетов да жардам бере албай калабы? Бул таризде көмүскөдөн көп сөздөр айтылууда. Сурак берип чыккандар да арбын... Баам сала туралы.
"Азия Ньюс" гезити