Сот системасы чылага батты. Төрага Замирбек Базарбековду эч ким тоготпойбу?

Башта фемида айдыңында аты-жыты анчейин билинбеген Замирбек Базарбековду жаңы бийлик Жогорку соттун төрагасына дайындаган. Тилекке каршы, системаны оңдобой эле оңкосунан сайганы калды. Учурда соттор ири көлөмдөгү параларды алып жатышканы, акты “кара”, караны “ак” кылышып, мыйзамды тебелешип, каалагандай чечим чыгарышканы белгилүү болду.
Ооба, тирукмуш маалыматтар коомчулукка ачык эле тарай баштады. “Крышалары” президенттин администрациясында, Жогорку сотто жана башка органдардын “катталарында” экени каңкууланып, кыжалаттык жаратууда. Аз күн мурда З.Базарбеков агынан жарылып, 50 миң долларга чейин пара алган соттор боюнча айтып чыкты. (Айрымдары күч органдары тарабынан кармала башташты го?). Төраганын алы жетпей калганы, сөзүнүн өтпөгөнү ушу да. Кесиптештерине вотсаптан СМС жөнөтүп, мыйзамдуулукка, адилеттүүлүккө чакырып атканы ачыкталды. Алып-жулуп көнгөн фемида өкүлдөрү оңой менен тыйылбай калды окшойт. Байыгандар, манчыркагандар да ошолор. Уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн жана оор кылмыш жасагандарды байма-бай эле абактан бошотуп жатышат. А карапайым калктын уул-кыздары “подстава” менен жабыркашып, же жеңил кылмыштарга карабай узак мөөнөттөргө жаза алышканын кантип жашырабыз? Кыскасы, болушунча өзүмбилемдик, башаламандык жана мыйзамсыздык. Каалагандай чалмакейлер чалынууда. Соттордун “союлу” мурдагыдан да катуу чабылып, саясый куугунтуктар күчөгөнү, коррупция ашынып кеткени ырас. Ыраатсыздык, ыпластык жетер жерине жетти.
Натыйжада, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков милдетин тийешелүү деңгээлде аткара албай, мукурап калды. Аброю жок экен, аны тоготкон деле жан жок окшойт. Ошон үчүн жаш баланын “оюнун” кылып, СМС жөнөтүп, айласы куруп атат да. Чылага баткан бул системага өзү таза, билимдүү, тажрыйбалуу кадр дайындалбаса, мындан ары элдин нааразычылыгы күчөй берери бештен белгилүү. “Эшегине жараша тушагы” дейт. Оңолобузбу, же жоголобузбу?..