Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстан вирустун жайылышы боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди

Казакстан вирустун жайылышы боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди

16-июль, 13:37
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди.

Расмий статистикага ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине 63 миңден көп киши чалдыкты. 375 киши көз жумду.

Буга пневмония менен ооругандар кошулган жок. Казакстанда өпкөсү кагынуудан (пневмония) каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100 миңге чукул киши пневмония болгон.

Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия сап башында турат.

Кошмо Штаттарда бул илдеттен каза болгондордун саны 136 миңден ашты. Өлкөнүн батыш жана түштүк штаттарында күнүнө 60 миңдей адамдан коронавирус аныкталып жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер