Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков: “Алсыз, кичинекей болсо дагы бийлик оппозиция менен эсептешүүсү зарыл”

Равшан Жээнбеков: “Алсыз, кичинекей болсо дагы бийлик оппозиция менен эсептешүүсү зарыл”

02-июнь, 20:23
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Оппозициялык топ түзүлдү. Бийлик тоготпогондой түр көрсөтүүдө. Бирок оппозициянын таасири чоң да, саясатты өзгөртө алышабы?

-- Эки жылдан бери Кыргызстан авторитардык өлкө болуп калды. Авторитардык өлкө деген сөз – мамлекетте баардык бийлик президенттин колуна өттү дегендик. Укук коргоо органдары, прокуратура, соттор, өкмөт, Жогорку Кеңеш – баардыгы президентке баш ийет. Мындай өлкөдө бийликке оппозиция болуу аябай оор. Себеби, бийликке каршы сүйлөгөндөрдү, бийликке жакпаган ойду айткандардын баарын камоо, коркутуу, тоноо сыяктуу чараларды көрүп, көптөгөн адамдарды, саясатчыларды, жарандык коомдорду оппозиция болуудан баш тарттырат. Ошентсе да кичинекей бир топ “Бириккен демократиялык кыймылга” биригип, азыр чоң иш жасай албасак дагы, алсыз болсок дагы туура сөзүбүздү айтып туралы, бийлик эгерде кандайдыр бир калпыс чечимдерди кабыл ала турган болсо, “туура эмес” деп айтып туруу үчүн ушул кыймылды уюштурдук.

Учурда бийлик аябагандай күчтүү, ресурстары, акчасы жана кол алдында адамдары көп. Албетте, биздей кичинекей оппозициялык топту теңине албайт. Уккусу келбейт. Экинчи жагынан, Кыргызстанга окшогон авторитардык өлкөлөрдүн баардыгында эле бийлик бир колго топтолгондо оппозицияны укпай калат. Оппозиция алсыз болуп, аны менен эсептешпей калышат. Бирок биздин тарыхыбыз экинчи жагын көргөзүүдө. Канчалык оппозиция менен эсептешпесе, укпай турган болсо, бийлик үчүн ошончолук кыйын убакыт тез келет. Бийлик реалдуулукту жоготот дагы, көптөгөн кыйынчылыктар пайда боло баштайт. Ошондуктан алсыз, кичинекей болсо дагы бийлик оппозиция менен эсептешүүгө туура келет.

-- Кой-Таш окуясы боюнча айыптар угузулду. Сиздин оюңуз кандай?

-- Кой-Таш окуясы – бул тарыхый, өтө саясатташкан окуя. Анда эч кандай кылмыш жок. Азыркы күндө кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын баардыгы эч кандай күнөөсү жок адамдар. Бул – бийликтин атайын жасаган провокациясы болгон. Ошол аркылуу мурдагы бийлик Атамбаевди, мени атайын саясый аренадан жок кылууга аракеттенишкен. Атайылап уюштурган окуяны, тилекке каршы, бүгүнкүлөр өздөрүнө өткөрүп алышты. Мурдагы бийлик бизди саясаттан жок кылгысы келсе, азыркы бийлик дагы бизди саясаттан жок кылганга аракет кылып жатат. Бирок алар канчалык пландабасын, баары бир Кыргызстанда реалдуу процесстер бар. Эгерде тарыхты карай турган болсок, “оппозицияны жок кылабыз” деген бийликтин тилеги эч качан ишке ашкан эмес. Дайыма камалган оппозициялык саясатчылар акталган. Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткандардын баары эртели-кеч акталабыз. Кой-Таш окуясын пайдаланып, бизди “жок кылабыз” деген бийликтин планы, максаты ишке ашпайт. 

--Равшан мырза, учурда кандай иштер менен алексиз?

--Акыркы 3-4 жылда эки гана багытта иш алып барып атам. Биринчиси, бул менин саясый иштерим. Мен өзүмдү профессионалдуу демократиялык саясатчы катары эсептейм. Ошондуктан кыйналсам да, түрмөгө түшсөм да, башыман оор нерселер өтүп атса дагы сөзсүз түрдө Кыргызстанда демократиянын алдыга жылышын, мамлекетибизде эркиндиктин камсыз болушун, бийликтин авторитардык режимге айланышына каршы турууга колумдан келишинче аракет кылып келатам.

Экинчиси, бийликтин саясый оппоненти катары жалпысынан бүгүнкү күндө мага жана менин жакындарыма 16 кылмыш иши козголгон. Андан башка 6-7 жарандык иштер бар. Бийлик мага карата атайылап козголгон 21-22 иштер боюнча соттордо жүрөм. Бул да менин негизги иштеримдин бири болуп эсептелет. Тилекке каршы, авторитардык бийлик мага окшогон бир топ саясатчыларды, жарандык активисттерди, журналисттерди ушинтип коркутканга, басмырлаганга, куугунтукка алганга аракет кылып атат. Азыр башыбыздан ушу нерсени кечирип, бир жумада жок дегенде 4 күн негизги убактымды, ишимди сот менен өткөрүп атам.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер