Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда баалардын өсүшү качан токтоорунун божомолу айтылды
Кыргызстанда баалардын өсүшү качан токтоорунун божомолу айтылды
31-март, 19:54
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда 2021-жылдын аягында инфляциянын өсүү темпи жайлап калары күтүлүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) мамлекеттер аралык анализ борборунун улук аналитиги Айгүл Бердигулова Sputnik агенттигине билдирген.
Адистер Евразия өнүктүрүү банкынын “2021-жыл ЕАЭБге катышкан мамлекеттердин экономикасынын өсүшүн калыбына келтирүү мезгили болот” деген темадагы докладын тааныштырды.
“Кыргызстанда инфляция үстүбүздөгү жылдын декабрь айына барып жайлап, 7,3 пайызды түзөрүн божомолдоп жатабыз. Анда сомдун куну түшүп кеткени таасир этпей калат. Ички рыноктогу баанын өсүшү азык-түлүктүн регионалдык жана дүйнөлүк баасынан көз каранды болуп калат. Ошондой эле түшүм жыйноо мезгили башталганда да баалар төмөндөшүн болжоп жатабыз” деди ал.