Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшы адам жөнүндө жылуу сөз

Жакшы адам жөнүндө жылуу сөз

22-март, 13:05
1 282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сатылган Сазаев артында өлбөс-өчпөс из калтырган кыргыздын чыгаан, таланттуу актёрлорунун бири. Театр сахнасында, кинофильмдерде ал жараткан элестүү, түбөлүктүү образдар жөнүндө искусствону изилдеген адистер иликтеп, көп жазышат деп ойлойм. Мен анын бала чактан моюндаш өскөн классташ курбусу катары эскерип жатам.

Таластын көкүрөк тарабында тегерегин тоолор курчаган, тал-тереги желге шуулдаган, шаркыраган добушу алыстан угулуп турган Каракол дарыясын бойлоп жайгашкан Арал айылы бар. Сатылган  ошол кут конгон айылдын кулуну. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, анын чоң аталары эл бийлеп, журт башкарган тектүү кишилер болгон. Асырап багып өстүргөн атасы Козубек колхоздо башкарма, башкы бухгалтер болуп иштеген. Өз атасы Акындын баласы токтобой, ырым кылып бир тууган агасына берип, атын да ырымдап, Талас өрөөнү эле эмес бүт Кыргызстанга белгилүү Сатылган молдонун атынан койгон экен. Сатылган молдо динге тыюу салынган союз мезгилинде Ташкентте медреседен окуп, дин кармаган билимдүү чоң молдо болгон.

Жаңылбасам, 1972-жылдын кышы, биз үчүнчү класста окуп жүргөн кезибиз. Ошол жылы кар калың жаап, айылды аралап өткөн чоң жолдун үстү кадимкидей муз болуп, биз жолдун үстүнө жылгаяк тээп, хоккей ойночубуз. Ал кезде транспорт деле аз, жолдон колхоздун жем-чөп ташыган машина, тракторлору өтпөсө, жеңил унаа  деле көп өтчү эмес. Бир күнү Сатылган балдар менен көчөдө ойноп, муз тээп жүрсө, кайдан-жайдан жеңил  машине чыга калып, аны уруп кетиптир. Көпкө чейин шаарда ооруканада жатты, жазга маал чыгып келгенде классташтар үйүнө көргөнү бардык. Ошондо ал комуз чертип отурган экен, мен анда зерикпесин деп алып беришкен го деп ойлогом, көрсө, ошондон тартып анын таланты чукуранып ойгонуп, искусствого кызыгып баштаган экен.

5-класста окуп жүргөндө Чокойбек Сулайманов агай драмкружок уюштуруп, шык-жөндөмү бар балдарды ага тарта баштады. Драмкружокко Сатылган активдүү катышып, интермедияларды аткарып, сценкаларда роль ойноп жүрдү. Сатылган мектеп сахнасына чыкканда залга кадимкидей жан кирип, интермедияларды ойногондо күлкү жаңырып, анын сахнада баскан-турганы, жылмайганы, сүйлөгөнү окуучулар арасында кадимкидей жомок болуп, көпкө талкуу болор эле. 9-10-класста окуп жүргөндө драмкружоктун балдары бир актылуу пьесаларды даярдашып, мектеп сахнасына коюп, Сатылган башкы ролдо ойногон ал спектакль менен райондук көркөм чыгармачылык кароого барышып, 1-орунду алып келгени биздин Арал орто мектеби үчүн да, өзгөчө биздин 10-в класс үчүн да чоң сыймык боло турган. Анан биздин класстын балдары Абжал, Бакай, Бакен, Иманбек, Автандил, Дастан, Насыкул, Мокеш, Майрамбек, Төрөбек, Сейитжапар, Кубанычбек, Улан, Чикин – баарыбыз “Сатылган, талантың өркүндөй берсин, ак жолуң ачылсын” деп  суу жээкке  барып бата бергенибиз эстен кетпейт.

1979-жылы мектепти бүтүп, Сатылган искусство институтуна, мен университетке тапшырып, өтпөй кулап калдык. Филфакка өтпөй калып, бир чоң күнөө кылган кишидей элден уялып, бир ай көчөгө чыкпай калдым. Ал кезде мен ыр жазып, чыгармаларым гезит-журналдарга жарыяланып, “жазуучу болом” деп көкүрөктү өргө айдап жүргөн учур. Ошентип ыза болуп, чөгүп  жүргөн күндөрдүн биринде көчөдөн Сатылган жолугуп калды. Экөөбүз эки ай көрүшпөй буулугуп калган экенбиз, көпкө сүйлөштүк. Анан ал: “Сен көп эле кейип-кепчип, чөгө бербе. Быйыл адилеттик болгон жок. Бирок чындык бар, күрөшөбүз, жеңебиз! Мен эл артисти болом, сен эл жазуучусу болосуң буюрса” деп көңүлүмдү көтөрдү. Сатылгандын ошол сөздөрү мени кадимкидей чыйралтты. Анча-мынчаны тоготпогон Сатылгандын кайраты мага кадимкидей таасир берди, дем берди. Расул Гамзатовдун “Пожелание” деген ырын Вахтанг Кикабидзе ырдап жатканда, андагы:

“Я желаю друга такого,

 Чтобы в тяжелый, нерадостный час,

 Произнёс настоящего слово,

 Что спасительным будет для вас” деген саптарын укканда мени сооротуп, жубатып жаткан Сатылгандын мээр чөптөй сөздөрү ар дайым эсиме түшөт. Анан кыштай колхоздо иштеп, жазында аскерге чакырылдык. Апрелден баштап майдын аягына чейин балдарды узатып, эки күндүн биринде эле Таласта жүрчүбүз. Ал кезде аскерге узатмай парз болчу, балдар эки жылга алыска: бири Германияга, бири Афганистанга, бири Сибирге барат дегендей. Сатыш экөөбүз элдин аягында жөнөдүк. 1980-жылы 21-майда мени аскерге ата-энем, бир туугандарым  менен бирге курбуларым Сатылган, Бакыт, Сабырбек үчөө узатышты. 24-майда Сатылган өзү армияга жөнөмөк.

1982-жылы аскерден келип, Сатылган кыргыз драмтеатрынын алдындагы  актёрдук  курста эки жыл окуп, андан кийин Москвага окууга кетти. Мен болсо университетте окучумун, кат алышып турчубуз. 1986-жылы 4-курста окуп жүргөндө  Казань университетине студенттик конференцияга барып калдым. Кайтып келатканда Москвага токтоп, адрес боюнча Сатылгандын жатаканасына барып, таап алдым. Экөөбүз түнү бою өткөн-кеткенди эстеп, сырдашып, черибиз жазылды. Эртеси Сатыш Москваны кыдыртты, Третьяков музейине бардык...

Сатылган Мосвадан окуусун бүтүп, театрда  чыгармачылыгын баштаган мезгил 90-жылдардагы союз тарап, экономикалык, каржылык каатчылык башталган мезгилге туш келди. Бирок, Сатыш андай кыйынчылыктарга  моюн сунуп, колун куушуруп отуруп бере турган жигиттерден эмес эле. Аяшыбыз Марипа экөө жаңы тирлик болушса да, жакшы жан сакташып, Марипа аяшыбыз колунан келишинче Сатыштын чыгармачылыгына шарт түзүп бергенге аракет кылды. Сатыш талбай изденип, белгилүү режиссер Искендер Рыскулов койгон Райкан Шүкүрбековдун “Жапалак Жатпасов” спектаклинде башкы ролду ойноду. Ошондо театр сынчылары, адистер, артисттер Сатылган жараткан бул ролго жогору баа беришкен. “Туздуу чөл” спектаклинде президенттин ролун ойноду, “Барсбек” жана башка спектаклдерде ойногон эпизоддук ролдорду да чырайына чыгарып, жакшы ойногонун көрөрмандар жакшы билет. Бул образдарды ичкериден терең ачып берген. Анын театр өнөрүндөгү эмгеги жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наамга ээ болду. Ал “Эл артисти” деген наамга татыктуу эле, бирок берилбей калганы өкүнүчтүү болду. 

2000-жылдары Сатыш Т.Абдумомунов атындагы академиялык драмтеатрда директордун орун басары болуп иштеди. Элдин баары базарга чыгып, театрга көрүүчү аз барып калган кез. Ошондо Сатыш өзүнүн уюштургуч, жетекчилик, менеджерлик сапатын көрсөтүп, театрдын репертуарын рекламалап, ишканалар, мекемелер менен келишим түзүп, театр менен элдин ортосун жакындатты. Ошондон тартып  театрда көрүүчүлөрдүн саны көбөйө баштаганына күбө болгонбуз. Бул – Сатыштын театр үчүн күндүр-түндүр иштеген эмгегинин акыбети десек болот.

Андан кийин куурчак театрынын директору кызматын аркалап, ал жерди оңдоп, репертуарын жаңыртып, демөөрчүлөрдү таап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, региондорго гастролдорду уюштуруп, чет өлкөлөр менен байланышты күчөтүп, бир топ иштерди жасаган. Талас облустук драмтеатрынын ачылышына, калыптанып, бутуна турушуна көп эмгек сиңирди, ал театрдын көркөм жетекчиси катары күндөп-түндөп, бел чечпей иштеди.

Сатыш Марипа аяштай жакшы жар күтүп, жакшы үй-бүлөнүн ээси болду. Аяшыбыз Марипа экөө балдарын жакшы тарбиялап өстүрүп, Бишкектин эң мыкты деген мектебинен билим берип, жакшы университеттерден окутту. Кызы Айзада Франциядан окуп келди, уулу Кубан тогуз коргол боюнча республиканын чемпиону болду. Уулун үйлөнтүп, кызын турмушка берип, куда-сөөк күтүп, неберелерин эркелетип, бул жарыкчылыкта буюрган жакшылыктарды көрүп, Марипа менен бактылуу өмүр сүрдү.

Сатыш дос, классташ, жолдош дегенде ичкен ашын жерге коюп, ак пейилден сыйлай турган. Себеби, ал адамдарды баалай билчү, кадырлачу, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, иттик кылса кечире билген айкөлдүгү да бар эле. Ошон үчүн дос, классташ, жолдош, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болчу. “Жакшынын шарапаты” дегендей, биз, Сатыштын  классташтары, анын аркасы менен элибиздин белгилүү артисттери Дүйшөн Байтөбетов, Замир Сооронбаев, Эгемберди Бекболиевдер менен  чай ичишип, таанышып, театр дүйнөсүнө да аз-маз аралашып калдык. Алар улуу катары Сатышты “азыр” деп тамашалап эркелетише турган. Себеби, эч кимге “жок” деп көрбөгөн Сатыш ким эмне айтса эле “азыр” деп коюп жүрө берчү экен. Театрда Сатыштын кадыры чоң эле, көп жыл профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеди. Эмгек жамаатынын бардыгына бирдей мамиле жасап, “кандай маселе болбосун калыс, адилет чече турган” деп кесиптештери айтып калышчу.

Сатыш өмүрүнүн акырында  сыркоолоп калды. Бирок, кайратынан жазган жок. “Жабышкан дартты жеңем, айыгып кетем” деген үмүт менен жашады. Кыйналганын, чөккөнүн байкаган жокмун, жайдары, сергек калыбынан жазган жок. Бул анын алдына койгон максатына жетиш үчүн   кыйынчылыктарды жеңе билген эрктүүлүгүн, бардык нерсенин жакшы жагын көрүүгө умтулган оптимисттик  мүнөзүн көрсөтүп турат...

Класташ курбум Сатылган Сазаев өмүрүн өрнөктүү, татыктуу жашап өттү. Анын жаркын элеси ар дайым биз менен жашай берет.


Аскар Медетов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер