Ректор Рысбек Нургазиев медицина боюнча лицензия алды. Кудай сактай көр!
Кыргызстан агрардык өлкө. Ошон үчүн мамлекет жаңы түптөлүп баштаган кезде, 91 жыл мурда адегенде айыл чарба адистерин даярдоо максатында К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институту ачылган. Советтик мезгилде бул институт эл чарбасы үчүн зооинженерия, ветеринария, ирригация, агрономия боюнча адистерди даярдап, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, өлкөбүздүн айыл чарбасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкону шексиз.
Эгемендүүлүк жылдарында макамы көтөрүлүп, академияга айланды, андан кийин университет болуп, улуттук статус берилгени менен бул окуу жайдын иши оңолуп кеткен жери жок. Рынок экономикасына өткөн өлкөнүн шартында окуу жай мурдагыдай маанилүү роль ойнобой калды. Азыр баштагыдай асыл тукум мал жок, селекция жүргүзгөн адистерди таппайсың, алтургай малды эпидемия каптап, кырылган учурда дарылай турган мал доктурлар жетишсиз учурлар болду. Дыйканчылык тармагына деле жарытып жардам бергенин көрө элекпиз.
Айыл чарбасына адистерди жөндөп даярдап бере албай жаткан ушул окуу жай эми медицина боюнча лицензия алып, врачтарды даярдоо чечимин кабыл алыптыр. “Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушул эмеспи. Айыл чарба университетинде бир эле учурда малды да, адамдарды да дарылай турган врачтар окутулат экен. Квалификациялуу адистер болбосо, материалдык-техникалык базадан дайын жок туруп, кантип лицензия алды? Азыркы учурда медициналык академияны бүткөн адистер адамдын ден соолугуна зыян келтирген чоң сенсациялуу иштерди кылып жатышат, ал эми айыл чарба университети даярдаган врачтар малды да, адамдарды дагы дарыласа кандай болор экен? Кудай өзүң сактай көр!
Кыскасы, ректор Рысбек Нургазиев билимдин сапатын жогорулатууга эмес, бизнес жасоого батыл кириштиби? Эрксизден жылмаясың да.