Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалбырттаган кыпкызыл көйнөгүң түшүмө канча ирет кирди?..

Жалбырттаган кыпкызыл көйнөгүң түшүмө канча ирет кирди?..

03-август, 18:59
2 003 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Канча жылдар өттү... Мен кайрадан эч кимди сүйө албадым. Жыл санап карып бараткансыйм. Бирок мага өткөн күндөр гана баалуу, барктуу. Ал күндөрдү унутууга эч жакшы нерсе жардам бере албады. Кыпкызыл вино, жагымдуу сөз, мен окуган китептин кызыктуу барактары, Шопендин кайрыктары, мени сүйгөн сулуулар, кеч болсо да мен уккан ымыркай үнү... Айвазовскийдин “Тогузунчу валына” канчалык суктанбайын, сага жетпейт.  Жараатымды айыктырууга эч бир дабаа табылбады. Сен бир суу түбүндө катылган асыл бермет болдуң. Көкүрөгүмдүн тереңинде боздогон бир кайрыктай дайыма жанымдасың. Каза болсом да көрүмдө бул кайрык коштоп жатаар... 

Жалбырттаган кыпкызыл көйнөгүң түшүмө кайталанып канча ирет кирди...Терең кайгылуу, бирок жарык сүйүү өмүр бою мени коштоду. Бул сүйүүнү тартуулаган тагдырыма кээде ыраазы болуп кетем. Жетпесем дагы...

Азат

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер