Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрим сулуу, сен бийиктесиң, а мен көчөдө...

Мээрим сулуу, сен бийиктесиң, а мен көчөдө...

26-декабрь, 09:00
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Мээрим Жуманазаровага!)        

Аз күн мурун эл аралык мелдешти көрүп жатып, сага чексиз суктандым. Дене-мүчөң толуп, ажарыңа чыгыпсың эй! Ушундай келишимдүү жансың, андан да күрөшкөндү жогорку чеберчиликте көргөздүң. Дүйнөлүк рейтингде алдыга кеткен, бүтүндөй коомчулук тааныган сенин жүрөгүңдү кантип багындарам? Кийинки олимпиада мелдешине чогуу барууну кыялданып койдум. “Артык дөөлөт баш жарбайт” дечү беле? Жаңырган жылда колуңду сурасамбы? Ушул кыял менен жашайм. Сен бийиктесиң, а мен Эркиндик бульварында басып жүрөм. Үмүт кылып. Мээрим сулуу, чындыгында сага сыйым жогору. Абдан тырышчаак, аракетчил, келечектүү жансың. Күчтүүсүң. Мындайга акыл-эс, бекем мүнөз керек. Кыргыздан баатыр кыздар чыкса, ошолордун көч башынан өзүңдү көрөм. Сен жөнүндө кыялданып, тааныша турган күндү күтүп келем. Буюрса аз калды окшойт. Балким бул бакыт? Күтүү кандай жакшы! Өзгөчө Мээрим сулууну ойлоп жашаган...


Адыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер